• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ижарага унаа алып, аны $15 миң сатып жиберген жаран кармалды

21 Тогуздун айы 2022 13:04 Бишкек Govori.TV

Балыкчы шаарында жол тандабасты ижарага алып, андан ары сатып жиберген жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 7-августта Сокулук райондук ички иштер бөлүмунө Сокулук айылынын 1995-жылы туулган А. А. аттуу жараны арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 6-августунда Балыкчы шаарынан “Улук” аттуу жаран Армения мамлекетинин номериндеги “Лексус ЛХ-570” үлгүсүндɵгү автоунаасын 17 миң долларга баалаганын, аны алуу үчүн 15 миң доллар берип, калган 2 миң долларды автоунааны айдап, текшергенден кийин эки күндүн ичинде берем деген шартына макул болуп, автоунааны ага өткөрүп бергенин билдирген. Арыздануучу Сокулук районуна келип, сатып алган автоунааны айдап жүргөн учурда автоунаа «Атай» аттуу жарандын автоунаасы экендиги белгилүү болуп, ал эми “Улук” аттуу жаран автоунааны “Атай” деген жигиттен ижарага алып, алдап сатып жибергендиги аныкталган.

Натыйжада арыз ээсине келтирилген чыгым 15 миң долларды түзгѳн.

Окуя Балыкчы шаарында орун алгандыктан Сокулук РИИБде катталган арызды кароо Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Андан кийин арыз Балыкчы ШИИБге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин («Алдамчылык») негизинде кылмыш иши козголгон.

Аталган кылмыш иши боюнча Балыкчы ШИИБдин кызматкерлери тарабынан тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүп, кылмышка шектүүнүн өздүгү аныкталып кармалаган. Ал Бишкек шаарынын 31 жаштагы Ж. У. аттуу тургуну болуп чыкты.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган шектүү мурда ушул сыяктуу кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгондугу жана пробация түрүндө жазасын өтөп жатканда жоопкерчиликтен качып, издөөдө жүргөнү да аныкталган.

Шектүү алгачкы суракта күнөөсүн толук моюнуна алып, Балыкчы шаардык сотунун чечими менен 2-айга камакка алынды.

«Тергөө кызматы кылмышка шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экенин жокко чыгарбайт жана бул адамдын алдамчылык аракеттеринин жабыркаган жарандарды, 0705077044, 0394432701 телефон номурлары аркылуу байланышууну өтүнөт», — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 225