• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Үй-бүлөөдөгү зомбулуктун курмандыгы: «Тамак жасабаганым үчүн күйөөмдөн таяк жедим…»

17 Кулжа 2022 17:06 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө «Аялзат» аттуу үй-бүлөөлүк зомбулуктан жабыркаган балалуу аялдарга жардам берүү борбору бар. Учурда бул жайда бир нече аялзаты зомбулукка кабылып, күн өткөрүп келе жатышат. Статистикалык маалыматка таянсак, официалдуу түрдө зомбулукка кабылгандардын саны учурда өлкө боюнча 14миңден ашат.

Мында келген аялзатынын бардыгынын тагдыры коендой окшош. Күйөөлөрү мас абалында сабап, ушул жайга келүүгө аргасыз болгондордун айрымдары менен баарлашып отуруп, эмне себептен зомбулукка кабылганына кызыгып көрдүк.


Мындай учурда жабырлануучуларга «жардам берүүчу жакын адамдары жокпу»,-деген суроо жаралбай койбойт. Мындай суроого бизге маек берген аялдардын бардыгы төмөндөгүчө жооп беришти.

Бул мекемеде күн өткөруп жаткан Айбегим аттуу жарандын 8 айлык боюнда бар. Мындан сырткары дагы 2 кызы бар. Көз жаргандан кийин 3 наристеси менен жалгыз энени кандай тагдыр күтөөрү белгисиз.

Айбегимдин бала чагы да армандуу өткөн. Жаштайынан орусияда бала багуучу болуп иштеп, айлыгын ала албай калып, мекенине да араң келген.

Күнүмдүк башпаанекте күн өткөргөн аялдарга ар кандай түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, багыт берилет.

Мындай тагдырга кабылгандар өз жашоосуна кайдыгер жасаганы аз келгенсип, балдарынын келечегине дагы кедергисин тийгизишүүдө. Никеге турбастан үй-бүлөө куруп, балалуу боло беришип, аларга эч кандай документ алышкан эмес.

Жардам берүү борбордо жашап жаткандардын тагдырынын дээрлик бардыгы өз ата-энесиникине окшош. Эми алардан төрөлгөн балдардын келечеги кандай болоору белгисиз.

Аталган жайга кайрылган аялдарды эң көп дегенде 2 айга кала алышат. Андан кийинки жашоосунун кандай өтөөрү туңгуюк боюнча кала берүүдө.

Количество просмотров: 3516