• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганда эмне кылуу керек?

30 Кулжа 2021 17:06 Бишкек Govori.TV

Үй-бүлөлүк зомбулук деген эмне? Бул бир үй-бүлө мүчөсүнүн экинчисине карата физикалык, сексуалдык, психологиялык жана экономикалык кысымдарды атайылап колдонушу, анын кесепетинен денеге жаракат келтирилет, эмоционалдык жактан жабыркайт, ар кандай кемсинтүүлөргө дуушар болот.

Үй-бүлөлүк зомбулук — жабырлануучунун макулдугуна, эркине жана кызыкчылыктарына карама-каршы келип, белгилүү бир максатта жүзөгө ашырылган үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин максаттуу эмоционалдык же күчтөп мажбурлоосу/аракети. Үй-бүлөлүк зомбулук зомбулуктун башка түрлөрүнөн негизги айырмачылыгы жакын же үй-бүлөлүк мамиледе болгон адамдардын ортосунда гана болот.

Эгерде критикалык кырдаал укук коргоо органдарынын кийлигишүүсүн талап кылбаса же аны чечүүгө мүмкүн болсо дагы, бир катар алдын алуу чараларын көрүңүз:
-коркунуч жаралган учурларда бара турган коопсуз жайыңыз бар болушу керек (туугандарыңыз, досторуңуз);
-үй-бүлөңүздө болуп жаткан кырдаал жөнүндө жакындарыңыз кабардар болушу керек;
-милиция менен коркутпаңыз (бул үйдөгү зөөкүр адамыңыздын күтүүсүз реакциясын жаратышы мүмкүн), өз убагында анын өкүлдөрү менен байланышыңыз.

Мыйзам сиз тарапта экендигин эсиңизден чыгарбаңыз!

Окуя болгондон кийин эмне кылуу керек, ким менен байланышуу керек, кайда баруу керек?

Окуядан кийин дароо тез жардам бөлүмүнө кайрылып, алган жаракаттарды жаздыртып, милицияга кабарлоо керек. Кризистик борборлорго баруудан тартынбаңыз: ал жерде сиздин азыр кандай эмоционалдык абалда экениңизди билген, психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтө турган адамдар иштешет, керек болсо убактылуу жашоого шарт түзүп беришет.

Эгерде сиздин өмүрүңүзгө жана ден соолугуңузга кандайдыр-бир коркунуч туулса, жардам суроого аракет кылыңыз жана болгон окуя боюнча милицияга кабарлаңыз: 102 номерине чалыңыз же ыйгарым укуктуу аймактык тескөөчүңүзгө кабарлаңыз.

Ошондой эле 112 (http://ru.mes.kg/2018/02/20/sistema-112-2/) жана 111 «Балдар үчүн телефон 111» телефондору аркылуу чалсаңыз болот.

Эсиңизде болсун! Үй-бүлөдөгү зомбулук кырдаалында бир гана күнөөкөр бар, ал зомбулук жасаган адам. Ал муну жабырлануучунун жүрүм-турумуна карабастан жасамак. Анын курмандыгын күнөөлөө жол берилгис нерсе.

Үй-бүлөлүк зомбулук — бул оор кесепеттерге алып келген кайгылуу тажрыйба. Зомбулук канчалык узакка созулуп жана күч колдонулган сайын, ошончолук терең жаракат алат. Эң оор учурда, психологиялык травма өнөкөткө айланып, оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Количество просмотров: 186