• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Эки жыл балдары менен ажатканада жашаган эне

1 Тогуздун айы 201814:32 Бишкек Govori.TV
Бишкек.01.10.2018.Govori.TV.
Жалал-Абад облусундагы Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Талаа-Булак айылынын 41 жаштагы тургуну Гүлбарчын Кыргызбаева балдары менен 2 жылдан бери эски ажатканада жашоого аргасыз болгон. Алар ажаткананын тешигин бүтөп, жууп-тазалап, электр жарыгы жок жашашкан.
Ал эми буга чейин 20 жылга жакын убакыт ижарага алган үйлөрдө, кароосуз калган тамдарда, ат сарайларда көчүп-конуп жүргөнүн  turmush  сайтынын аймактык кабарчысына айтып берген аймактык кабарчыга айтып берген.
«Өзүм жетим өсүп, интернатта чоңойгом. Учурда төрт балам бар: үч кыз, бир уул. 20 жыл ижарага алган үйлөрдө жашагам. Көрүнгөндүн таштанды үйлөрүн, ат сарайларды тазалап, актап, жашап жүрдүк. Акыркы эки жылдан бери тоок фабриканын бетондон курулган бир бөлмөлүү имаратында жашап жатабыз. Ал имарат көптөн бери каралбай, ажаткана болуп кетиптир. Андагы тешиктерин жаап, жууп-тазалап, ошол жерде электр жарыгысыз жашадык. Ошол жерде жашап жатканыбызда Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчы Мирланбек Калмаматов жашоо шартыбызды көрүп кеткен. Кийин айыл өкмөт тарабынан балама 6 сотых жер тилкесин бекер берди. Балам оорукчан. Дарыгерлердин айтымында, башында айыкпас оору бар экен. Өзүм дагы нерв оорусу менен жабыркап келем. Жолдошум дагы астма менен ооруйт эле. Экөөбүз сүйлөшүп эле макулдугубуз менен ажыраштык. Азыр улуу кызым атасында», — деди Кыргызбаева.
Бул үй-бүлөгө айыл өкмөт тарабынан берилген жер тилкесине учурда кайрымдуулук фонд 4 бөлмөлүү үй куруп жатыптыр. Гүлбарчын Кыргызбаева турмуштин миң запкысын көрсө да жаратканга шүгүр кылып, Кайрымдуу жарандардын бар экенин эске салып ыраазычылык билдирет Учурда бул үй-бүлө эски ажаткананын маңдайында чатырда күн кечирип жатышат.
Ал эми жаңы турак үйдү кышка чейин куруп бүтүрүү аракеттери көрүлүүдө.
Теги:
Количество просмотров: 23