• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратууну көздөгөн мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке берилди

10 Тогуздун айы 2018 12:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 10.10.2018. Govori.TV

Экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратууну көздөгөн мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке берилген. Бул тууралуу демилгечилердин бири Исхак Масалиев массалык маалымат каражаттарына билдирген.

Демилгечинин айтымында долбоор качан каралары белгисиз. «Аталган мыйзам добоору алгач парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде каралат»-деп айкан Масалиев.


Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев экс-президенттердин кол тийбестик макамы жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга алып чыгышкан.

Бүгүнкү күндө экс-президенттер кол тийбестик укугуна ээ. Буга ылайык, президент ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартылбайт. Ошондой эле аны камакка алууга, тинтүүгө, суракка алууга же жеке текшерүүгө мыйзам жол бербейт. 

 

Количество просмотров: 20