• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 24 млн доллар бөлөт. Кайда жумушалат?

4 Бештин айы 2018 17:36 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 04.11.2018. Govori.TV
Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.
Мыйзам  Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 28- ноябрында кабыл алынган.
Бүткүл дүйнөлүк банктын «Экономикалык башкаруу чөйрөсүндө өнүктүрүү саясатын каржылоо» программасы инклюзивдик өсүү боюнча макрофискалдык негиздер, мамлекеттик сектордо ачык-айкындыкты жогорулатуу жана коррупцияга каршы күрөшүү, ошондой эле атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу сыяктуу тармактарда мамлекеттик башкарууну жакшыртуу боюнча реформаларды колдоого багытталган.
Макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасына 24 млн доллар жардам берилет, анын жарымы грант, жырымы кредит катары берилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Количество просмотров: 28