• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сауд Арабия өлкөнүн медицина тармагына 3 миллион 797 миң доллар грант бөлөт

28 Бештин айы 2018 9:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 28.12.2018. Govori.TV

Сауд Арабия Кыргызстандын медицина тармагын жакшыртууга 3 миллион 797 миң доллар грант бөлөт. Аталган жардам «Медициналык борборлор үчүн жабдууларды берүү жана карантиндик зона куруу жана жабдуу» долбоорун аткарууга берилет.

Президент Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын 3-апрелинде Тунис шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Сауд Арабиянын ортосундагы бул гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 22-ноябрында кабыл алынган.

— 1 миллион 245,2 миң доллары суммасында «Ош облусунун Кара-Кулжа айылындагы жана Ысык-Көл облусунун Түп айылындагы медициналык борборлорду жабдуулар менен жабдуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун кургак учук бөлүмүн жабдуулар менен жабдуу»;

— 960 миң доллары суммасында «Кыргыз Республикасынан Сауд Арабия Королдугуна этти экспорттоо үчүн Чүй облусунда карантиндик зонаны куруу»;

— 1 миллион 440 миң доллары суммасында «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтун заманбап медициналык жабдуулар менен жабдуу».

Мындан тышкары Гранттык макулдашуунун алкагында жогоруда аталган долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн 151,8 миң доллары суммасында консультациялык жардам көрсөтүлөт.

Количество просмотров: 29