Бишкек.27.12.2018.Govori.TV
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде экс-министрлердин катышуусу менен жыйын өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.
Анда “Эмгек жана социалдык коргоону өнүктүрүү, өндүрүмдүү ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү жана калктын акчалай кирешелеринин пайдалуу өсүшүнүн концепциясынын” долбоорун талкуулашты. Ошондой эле, жыйында жер-жерлерде мамлекеттик жөлөк пулдардын даректүүлүгүн күчөтүү, Медико-социалдык эксперттик комиссиялардын майыптыкты туура аныктоосун жана социалдык башкармалыктардын ишмердүүлүгүн ачык жана так аткарылуусун контролдоо максатында Коомдук кеңештер түзүлөөрү боюнча ой-пикирлер айтылды.