«Премьер-министр уруксат бербесе да эмгек өргүүгө чыгып, үй-бүлөсү менен бир нече мамлекетке чыгып келген. АКШга, Санкт-Петербургга барган. 2018-жылы Лондонго күйөөсү барган. Италияга сапар жасаган. Ага министрликтин акчасы кеткен. Министр, анын орун басары чет өлкөгө көбүнчө окууларга чыгат экен. Атайын адистерге чакыруу келет, бирок алар өздөрүн жаздырып коюшат. Көпчүлүк учурда дипломатиялык паспортту колдонушат,”- деди Касымалиева.