• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров болобу? 

24 Тогуздун айы 2018 11:11 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.10.2018. Govori.TV
Өкмөт эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Улукбек Кочкоровдун талапкерлигин көрсөтүү боюнча расмий сунушту дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңешке жиберет. Бул тууралуу Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрайымынын орун басары Тазабек Икрамов билдирген.  
Икрамовдун айтымында, Кочкоровго кошо дагы бир талапкердин сунушу келип түшөөрү күтүлүүдө.
Улукбек Кочкоров 1974-жылы туулган. Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо талапкер болгон.
Аталган министрликтин мурдагы жетекчиси Таалайгүл Исакунова жана анын 3 орун басары тең буга чейин кызматтан кеткен. 
Буга чейин «Кыргызстан» фракциясы аталган кызматка 3 талапкерди сунуштаган
Количество просмотров: 29