• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Эрлан Абдылдаев Кайрат Осмоналиевдин наамын эмнеге ажыратты?

15 Тогуздун айы 2018 12:31 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.10.2018. Govori.TV
Мурунку тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Дипломатиялык академиянын мурунку проректору Кайрат Осмоналиевди дипломатиялык кеңешчи наамынан ажыратты. Бул тууралуу Осмоналиев өзү Govori.TV сайтына билдирди.
Анын айтымында, Тышкы иштер министрлигинин алдындагы  Дипломатиялык академиянын проректору болуп турган кезинде дипломатиялык кеңешчи наамын ыйгарылган.
«Мен акыркы ТИМдеги одоносуз жемкорлуктарды ачыктагам. Буга байланыштуу мурунку министр Эрлан Абдылдаев айланасындагылар менден өч алуу максатында жогоруда айтылган наамды жокко чыгарыптыр. Мага аталган наамды 2011-жылы ошол кездеги министр Руслан Казакбаев мыйзамдуу түрдө ыйгарган. Бүгүн ТИМден  чалып, дипломатиялык кеңешчи деген наамды жокко чыгарылганын айтышты. Ошондой эле менин дагы кол коюп кетишимди билдиришти»-дейт Кайрат Осмоналиев.
Осмоналиев эми бул мыйзамсыз иштер боюнча сотко кайрылып, аягына чыгаарын кошумчалады.
https://www.youtube.com/watch?v=lwUNtFpUnZM&feature=youtu.be
Количество просмотров: 19