• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Эржан Осмонов, актер: Биз кетсек Мекендин жүгүн ким көтөрөт?

7 Бештин айы 2018 12:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 07.12.2018. Govori.TV

Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрынын жана “Дем” жаштар театрынын актеру Эржан Осмоновдун чыгармачылыгындагы жаңылыктары менен ал иштеген жерге барып таанышып,оюн угуп кайттык. Ал буга чейин көптөгөн кинолордо роль жаратып, спектаклдерде ойноп, клиптерге тартылып келет.

 Бирок ошондой болсо да, энергиясы ашып ташкан актер бул менен чектелип калгысы келбейт. Келечекте кыргыз маданиятына салым кошуп, кыргыз киносунун жанган жылдызына айлангысы келет.

Ал буга чейин “Желкайып” “Жыйырманчы жаз” “Курманжан Датка” “Ишен” жана “Акшоола” теле сериалдарына тартылган. Каарманыбыз театрда дагы алгылыктуу ролдорду жаратканы менен көпчүлүктүн көңүл борборунан түнөк тапкан.

Киного тартылууга караганда спектаклда роль жараткан алда канча жандуу деген жаш актер Маданият министри болуп калса Маданият тармагында ири реформаларды жасай турганын дагы айтып өттү.

 

Количество просмотров: 58