Бишкек шаарынын «жаңы» автобекетини менен чоң чүй каналынын ортосунда жайгашкан эс алуу багында жарандар белгисиз жыландын түрүн таап алышып видеого түшүрүп алышкан. 27-сентябрда болгон бул көрүнүштүн чоо жайын аныктоо үчүн «Кактус» маалымат агенттиги жыландын сүрөтүн эксперттерге көрсөтүшкөн.
Алардын тыянагында, бул «калкантумшук» аттуу уулу жыландын түрү экени, бирок, андан жабыркаган адамдардын саны белгисиздиги айтылган.
https://www.youtube.com/watch?v=HqW85qXKKYI&feature=youtu.be