Чүй ОИИБдин маалыматы боюнча, милицияга арыз менен И.З. атту жаран кайрылып, ал арызында, 2025-жылдын 19-сентябрында арыз ээсинин Аламүдүн районунун Ленинское айылында жайгашкан үйүнө белгисиз адамдар жашыруун түрдө киришип, 700 000 орус акчасын, 500 000 сом жана 1 000 000 сомдон ашык баалуу зер буюмдарын (алтын жана асыл таштар) уурдап, качып кетишкен.
Жабырлануучуга өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирген.
Аталган факты каттого алынып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду.
Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн бир катар ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектүүлөр аныкталып, алар 2001-жылы туулган Ю.А., 1964-жылы туулган К.С. атту жаран болуп аныкталып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда Аламудун районунда аталган адамдар тарабынан жасалган бир нече уурулук фактыларынын бети ачылды.
Мындан тышкары, шектүүлөр Чүй облусунун башка райондорунун, ошондой эле Ысык-Көл, Ош облустарынын жана Бишкек шаарында да ушул сыяктуу кылмыштарга шектелип, тергөө амалдары жүрүүдө.
Учурда тергөө иштери уланууда.