48 жаштагы Батманы (аты өзгөртүлдү) жарандык никедеги жолдошу 1 жылдан бери мыкаачылык менен сабап, коркутуп келет. Зомбулуктун курмандыгы болгон аял жардам сурап, Govori.TVга кайрылды.
Каарманыбыз 1984-жылкы жолдошу менен бир жыл мурун социалдык тармактан таанышкан. Кийин күйөөсүнүн “Адам өлтүрүү” беренеси менен соттолуп чыкканын билген.
Зордук-зомбулукка кабылган Батма укук коргоо органдарына арыз менен кайрылганы менен майнап чыкпай келет. Окуянын чоо-жайын төмөндөгү материалдан толук көрүңүз.