Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Кара-Балта шаарында жолдошун өлтүргөн деген шек менен 58 жаштагы аял кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык,11-март күнү Жайыл РИИБге У.В. аттуу жаран үйүндө күйөөсүн өлтүргөнүн айтып, кабар берген.
Бул факт катталып, окуя болгон жерге дароо ыкчам-тергөө тобу чыгарылган.
«11-мартына караган түнү үйүндө 1968-жылы туулган У.В. аттуу жаран, 1971-жылы туулган П.А. аттуу күйөөсү менен спирт ичимдиктерин бирге ичип отуруп, ортодо пикир келишпестик чыккан. Андан соң күйөөсү У.Вны сөз менен кемсинтип, моралдык-психологиялык басым кылган. Мындан улам ал ашканага барып, бычак алып келип, диванда отурган күйөөсүнүн мойнун кескен. Күйөөсү П.А. алган жаракаттардан ошол жерде көз жумган», — деп жазылат маалыматта.
Окуя болгон жерден бычак алынып, маркумга тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Шектүү аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.