• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күйөөсүнөн кордук көргөн 32 жаштагы келин бийликке кайрылды

13 Тогуздун айы 2023 12:50 Бишкек Govori.TV

13 жылдан бери күйөөсүнөн кордук көрүп келе жаткандыгын айткан 32 жаштагы келин жардам сурап кайрылуу жолдогон. Жергиликтүү ЖМК өкүлдөрүнүн бири учурда келин борборго качып келип, күн кечирип жатканын, ал жардам сурап президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, ИИМ Улан Ниязбековго жана Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жазганын маалымдаган.

Келиндин айтымында, күйөөсү ага кол көтөрүп, ажырашабыз десе макул болбой коркутуп келет.

«Ажырашам десем кайын энем «сенин үйүн жок, апаңдын дагы үйү жок. Ошол үчүн балдарды биз сенден тартып алабыз»,-деп коркутуп келген. А мен балдарымды алып коет экен деп коркуп жашап жүрүп, ушул убакка келдим. Мындан ары чыдамым да, сабырым да баары түгөндү. Ушул зөөкүрдүн кордугун көргүчө өзүм эле өлүп калсамбы дейм. Бирок, балдарымды ойлоп өзүмдү токтотуп калам. Азаптын эң акыркысы 10 күнчө мурун болду. Чачымдан сүйрөп эшикке алып чыгат. Кайра үйгө сүйрөп кирет. Тепкилейт. Дубалды сүздүрөт. Айтор кылбаган кордугу калган жок. Акыры эсиме келип өзүмдүн тирүү калганыма таң калдым. Ушунча ур-токмоктон кийин дагы тирүү каламбы деп ыйладым. Бишкекке апамдыкына качып келдим. Апам өзү батирде турат. Жолдошум анын иштеген жерин да, жашаган жерин да билет. «Апаңды өлтүрүп кетем»,-деп коркутат. Учурда биздин эле эмес, апамдын да өмүрүнө коркунуч келип жатат»,-деп жазат келин.

Количество просмотров: 71