• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Көлбаев УКМКнын абагына 48 саатка камакка алынды

23 Тогуздун айы 2020 9:21 Бишкек Govori.TV

Кримтөбөл Камчы Көлбаев УКМКнын абагына 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу комитеттен кабарлашты.

Эске салсак, УКМК кечээ, 22-октябрда Камчы Көлбаев кармалганын билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин билдиришинче, Камчыбек Көлбаев уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана аларга бөгөт коюу ишинин алкагында кармалган.

Мекеменин маалыматына караганда, ал боюнча материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 249-беренесинин биринчи бөлүгүнүн («Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу») негизинде каттоого алынды.

Количество просмотров: 32