• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Көлбаевге тиешелүү делген жайдан аскердик патрондору бар жеке ок атуучу куралдар табылды

16 Теке 202415:23 Бишкек Govori.TV

Уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчы Көлбаевге таандык ок атуучу куралдар табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Көлбаев тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөөнүн алкагында, 11-июлда Көлбаевге тиешелүү делген жайлардын биринде аскердик патрондору бар жеке ок атуучу куралдар табылган.

Учурда Көлбаевге тиешелүү мүлктөрдү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Теги:
Количество просмотров: 303