8-10-февралга чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлүп, мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаайт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
9-февралда жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлүп жатат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетип, абанын температурасы төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындата турганын ӨКМ эскертти.