• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: 5 пайыздык чек четке кагылды. Кой-Ташта офицер Атамбаевдин куралынан өлгөнбү?

19 Бугу 2020 19:13 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ

Бүгүн, 19-майга карата коронавирустун 27 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Үсөнбаевдин айтымында, Нарын облусунда бир күндө коронавирус жуктурганы аныкталган 11 адамдын сегизи милиция кызматкери.

КООМДУК ТРАНСПОРТ ИШИН ЖАНДАНТАТ

25-майдан тарта Бишкек шаарында коомдук транспорттун — автобустар менен троллейбустардын иши жанданат. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда өкмөт үйүндөгү онлайн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

ЖК КОМИТЕТИ 5% БОСОГО ЧЕКТИ КОЛДОГОН ЖОК

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети 19-майдагы жыйынында шайлоо босогосу тууралуу мыйзам долбоорун каралды. Мыйзам долбоору боюнча баяндаманы депутат Исхак Масалиев жасады. Натыйжада Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети 19-майдагы жыйынында шайлоо босогосун тогуз пайыздан беш пайызга ылдыйлатуу каралган мыйзам долбоорун четке какты.

КОЙ-ТАШТАГЫ ОФИЦЕРДИН ӨЛҮМҮ

Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча адвокат Замир Жоошевдин билдирүүсүн төгүндөгөн маалымат таратты.ТАнда адвокат элди адаштырып жатканы, “Альфанын” кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн толук жеткирбегени, тергөөдө офицер Үсөнбек Ниязбековду өлтүрүүгө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын жансакчысы Канат Сагымбаевдин тиешеси бар экени аныкталганы айтылат.

ТЫМЫЗЫН ИФТАР ӨТКӨРГӨН КАФЕ АНЫКТАЛДЫ

Күн мурун түнү ӨКМ, ИИБ, Санэпидемкөзөмөл кызматкерлеринен турган Ленин райондук тобу жана акимчилик тарабынан “Кара-Суу” чайканасы иштеп жаткандыгы аныкталган. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

КЫРГЫЗСТАНДА БҮГҮН КАДЫР ТҮН ТОСУЛАТ

Бүгүн кыргызстандыктар Кадыр түндү тосушат. Муфтияттын маалымат кызматы кабарлагандай, орозо айынын 27-түнүндө тосулган Кадыр түн бул ирет 19-майдан 20-майга караган түнгө туш келген. Бул түнү ислам динин кармангандар таң атканча уктабастан, жакшылыктарды тилеп, куран окушат. Мусулмандар аны мечитте же үйлөрүндө тосушат.

Количество просмотров: 141