• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: 50 бажычы иштен алынды. Мадумаровдун иши сотко жетти

18 Тогуздун айы 2023 18:07 Бишкек Govori.TV

ЖАҢЫ ӨКМӨТ ҮЙҮ КАНДАЙ АТАЛЫШ КЕРЕК?

Президент Садыр Жапаров жаңы курулуп жаткан президенттик администрацияга “Ынтымак-Манас Ордосу” деген аталыш берилерин 18-октябрда Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал буга чейин жаңы имаратка аталыш тандоо үчүн коомчулуктан сунуштар кабыл алына турганын жарыялаган. Анын жыйынтыгында келген сунуштар 108ге жеткенин, алардын арасынан “Ынтымак-Манас Ордосу” тандалып алынганын билдирди.

Ал тандалып алынган аталышка түшүндүрмө берип, өнүгүү үчүн ынтымактын маанилүүлүгүнө токтолуп, кыргыз элинде айтылып келаткан уламышты жазган.

Ал эми ЖК депутаты Балбак Түлөбаев жаңы өкмөт үйүнө кандай ат берилбесин, негизгиси ичиндеги кызматкерлердин кандай иштегени маанилүүү экенин айтат.

Белгилей кетсек, Бишкектин түштүк бөлүгүндө, мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан “Ысык-Көл” мейманканасы 2021-жылдын аягында бузулуп, анын ордуна жаңы өкмөт үйүн куруу 2022-жылы апрелде башталган. Ошондо администрациялык имаратты курган компанияга 16 гектар жер менчикке бериле турганы айтылган. Быйыл августта бул имаратты сала турган “Иншаат строй билдинг” компаниясына 16 гектар эмес, 25,7 гектар жер берилери жарыяланган.

МАДУМАРОВДУН ИШИ СОТТО КАРАЛУУДА

18-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун иши боюнча алдын ала угуулар башталды.

Мадумаров сот залына алынып келинди. Депутат «Бул күндөр да өтөт, Аллага шүгүр», — деп билдирди. Жыйын жабык эшик артында өтүп, ага анын адвокаттары гана киргизилди.

Мадумаровго козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү 10-октябрда белгилүү болгон.

Эске салсак, саясатчы Мадумаров 2-сентябрда кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 24-октябрга чейин камакта калтырган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.

БАЖЫЧЫЛАР ЖАПЫРТ ИШТЕН АЛЫНДЫ

Мамлекеттик бажы кызматынын 50гө жакын кызматкери иштен бошотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «мыйзамдагы ууру» деп аталган Камчы Асанбек (Көлбаев) менен тыгыз байланыштарды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө Мамлекеттик бажы кызматында ведомстволук буйруктарды бузган айрым кызмат адамдар аныкталды.

Такталгандай, тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө 50гө жакын бажы кызматкери криминалдык авторитет К.Асанбек жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов менен тыгыз байланышта болушкандары аныкталды. Буга байланыштуу жогоруда аталган кызматкерлери ээлеген кызматынан бошотулду.

Ошол эле учурда УКМК мамлекеттик органдардагы жана ведомстволордогу абийирсиз кызматкерлердин ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерин улантууда.

Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери уланууда.

ЖОЛ КИРЕ АКЫСЫН КӨТӨРҮҮ

Бишкекте жол кире акысын көтөрүү сунушталууда. Бул тууралуу токтом долбоору шаардык кеңештин сайтына жарыяланды. Ага ылайык, муниципалдык жана менчик транспорттордо жол кире 20 сом болот.

Демилгечилер шаардагы коомдук унаалардын баарында: автобус, троллейбус, кичи автобустар менчигине карабай, бир гана баада — 20 сомдон болушу керек деп сунушташкан. Буга жараша электрондук жол кире картасынын да баасы көтөрүлөт. Мектеп окуучулары үчүн 430 сом, ал эми стандарттуу карта 1200 сом болот.

Жол кирени 20 сомго көтөрүү сунушу боюнча эл өкүлдөрү өз пикирлери менен бөлүштү.

Белгилей кетсек, учурда Бишкекте маршруткаларда жол кире акысы 15 сом болсо, автобус, троллейбустарда жүргүнчүлөр 11 сом төлөшөт.

МИЛИЦИОНЕРЛЕР КАРМАЛДЫ

Кылмыштуу топ түзүү фактысы боюнча ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-октябрда УКМК тарабынан пара талап кылуу жана кылмыштуу чөйрөнү түзүү же ага катышуу фактылары боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Бишкек ШИИБнин БМЖККнын ыкчам кызматкери, милициянын майору  жана Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкы башкармалыгынын 5-шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын капитаны кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул кызматкерлер ИИМ БМЖККнын кызматкерлеринен турган кылмыштуу топ менен түздөн-түз байланышта болгондугу, алар кылмыш ишин козгоо шылтоосу менен баңгизатын жеке колдонуу үчүн сатып алууну көздөгөн адамдардан акча талап кылуу менен алектенгендиги аныкталды. Кармалгандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан жогоруда аталган кылмыш иштерине тиешеси бар ИИМдин башка кызматкерлерине карата аларды кармоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 270