• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Ачкачылык кармаган Асанбеков абактан чыкты. Жол кырсыгында жаш ырчы каза болду

11 Жетинин айы 2022 19:21 Бишкек Govori.TV

ТҮРК МАМЛЕКЕТТЕР САММИТИ

Самарканд шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.

Уюмга мүчө-мамлекеттер — Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстандын башчылары жалпы жонунан 8 биргелешкен документтерге кол коюшту

Белгилей кетсек, Самарканддагы саммит кечээ, 10-ноябрда өз ишин баштаган. Бүгүн, 11-ноябрда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы болуп шайланды.  

Ал эми Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде бирикмеге мүчө өлкөлөр ортосунда транспорттук байланыштарды күчөтүүнү сунуштады. Мамлекет башчы Кыргызстан бул жаатта бир катар демилгелерди көтөрүп жатканын белгилеп, ага мисал катары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушун ишке ашыруу планын атады.

Кошумчалай кетсек, саммиттин алкагында Түрк мамлекеттери уюмунун  Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлыгы Өзбекстандын сунушу менен залкар жазуучу, маркум Чыңгыз Айтматовго ыйгарылды. Сыйлык кыргыз президенти Садыр Жапаровго берилди. Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев аны Айтматовдун жакындарына тапшырып коюну өтүнүп, салам жолдоду.

Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн Түрк мамлекеттер уюмунун эл аралык Алишер Навои атындагы сыйлыгын ыйгаруу жөнүндө чечим өткөн жылы Түркияда өткөн саммитте кабыл алынган. Сыйлык быйыл биринчи жолу берилип жатат.

ЖАПЫРТ КАРМАЛГАНДАРДЫН СОТУ

Октябрь айында жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер жапырт кармалган. Аларды дээрлик баарын Бишкектин Биринчи май райондук соту СИЗО-1ге 2 айга камоо чечимин чыгарган.

Бүгүн, 11-ноябрда алардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча аппеляциялык арыздар каралды. Шаардык соттун чечими менен саясатчы Жеңиш Молдакматов, уку коргоочу Рита Карасартова, саясат талдоочу жана журналист Айданбек Акматов, активист Чыңгыз Капаровдордун иши каралып камакта калтырылды.

Бүгүн шаардык сот 10 күндөн бери ачкачылык жарыялап жаткан Нурланбек Асанбековдун да баш коргоо чарасын карады. Ал соттук отурумга дарыгердин коштоосунда келди.

Массалык башаламандык уюштурууга айыпталып, эки айга камалган Нурланбек Асанбековду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн Бишкек шаардык сотунун төрагасынын  атына укук коргоочу Азиза Абдирасулова жолдогон. Укук коргоочу мындай кадамын Асанбековдун ден соолугунуну начарлап жатканы менен тушундургөн.

Ал эми Асанбеков сот учурунда Кемпир-Абад боюнча кармалган саясатчылардын арасынан Равшан Жээнбековду гана тааный турганын, анын үйүн оңдоп иштеп жатканын айтты. Ал сотко өзүнүн жана жакындарынын банк эсептери жабылганы үчүн насыяларын төлөй албай жатканын айтып, бошотууну өтүндү. Асанбеков 11 жаштагы кызын, улгайган апасын, майыптыгы бар кичинекей баласын караган жалгыз бой ата экенин, мурда сот жообуна тартылбаганын белгиледи.

Асанбековдун соттук отуруму танапистен кийин кайрадан уланып, Бишкек административдик соту аны сот залынан бошотуу чечимин чыгарды. Буга Асанбековдун ден соолугунун начарлашы себеп болду.

Белгилей кетсек, Нурланбек Асанбековдун үйүнө да 23-октябрда тинтүү жүргүзүлүп, өзү кармалган.

Эске салсак, 23-24-окябрда жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана камакка алынган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

АКТИВИСТ АБАКТАН ЧЫКТЫ

Блогер жана жарандык активист Адилет Балтабайдын иши бүгүн, 11-ноябрда каралып, акыркы соттук отурум өттү.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен Адилет Балтабай «Жапырт башаламандык» беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылды. Ошол эле учурда үч жылдык пробациялык көзөмөл чечими кабыл алынып, активист сот залынан бошотулду.

Буга чейинки сот отурумунда лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, активисттин билдирүлөрүндө «мыйзамдын талаптарына баш ийбөөгө чакыруу, калайман нааразылык акцияларына чыгууга үндөөнүн белгилери бар» экени айтылган. Мамлекеттик айыптоочу жеңилдетүүчү жана башка жагдайларды эске алуу менен блогерди беш жылга эркинен ажыратуу тууралуу өтүнүч келтирген болчу.

Блогер 30-июнда милицияга суракка чакырылгандан кийин камалган. Биринчи май райондук милициясы ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси («Жапырт башаламандык») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген.

ТЕРРОРИСТТИК ТОПТУН МҮЧӨСҮ КАРМАЛДЫ

Эл аралык террористтик уюмдарды каржылоо жана жасалма документтерди берүү менен алектенген делип бир жаран кармалды.  УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн атайын иш-чаралардын жыйынтыгында тыюу салынган “Ислам мамлекети” эл аралык террордук уюмунун жана “Жихад тобунун” (“Ислам жихады биримдиги”) мүчөлөрүнө акча каражаттарын которуу фактылары, ошондой эле 2016-жылдын август айында Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин аймагында болгон террордук актынын уюштуруучулары аныкталган.

Мындан тышкары, террористтик уюмдардын согушкерлерине жасалма паспортторду даярдоо үчүн Кыргызстандын жарандарынын жалпы паспорттору (уурдалган/жоголгон же күрөө менен калтырылган) Түркияга жиберилип турган.

Үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында террористтик топтун активдүү мүчөсү кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда террористтик ишмердүүлүккө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ЖОЛ КЫРСЫГЫНДА ЫРЧЫ КӨЗ ЖУМДУ

Таанымал ырчы Бекжан Темирхан жол кырсыгынан каза болду. Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 10-ноябрда түнкү саат 22:30 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Боом капчыгайында катталган.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына караганда айдоочу бараткан автоунаа жолдон чыгып, бийиктиктен кулап түшкөн.

Автонаанын айдоочусу жараат алып, Кемин райондук ооруканасына жеткирилген. Ал эми жүргүнчүсү — 27 жаштагы Бекжан Темиркан ошол жерден жан берген.

Учурда жол кырсыгынын себептери иликтенип жатат.

Бекжан Темиркан «Кантем», «Эзилип бүттүм» жана башка ырлары менен белгилүү болчу. Социалдык тармактарда жакындары анын жакында эле үйлөнгөнүн жазышууда.

ИИМдин маалымдашынча, 2021-жылдан 2022-жылдын 1-сентябрына чейин Кыргызстанда 11 722 жол кырсыгы катталган. Андан 1 247 адам мерт болгон.

Количество просмотров: 687