• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Күндүн ыргагы: Аким, мэр, ЖК кызматкери коронавирус жуктурду. Кайрадан карантин киреби?

19 Кулжа 202019:05 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

19-июнга коронавирус дагы 132 адамдан табылып, Кыргызстанда жалпы коронавирус жуктургандардын саны 2789 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

АКИМ МЕНЕН МЭР ВИРУС ЖУКТУРДУ

Бишкек мэриясынан аппарытында иштеген 2 кызматкерден коронавирус инфекциясы табылды. Бул тууралуу Балбак Түлөбаев өздүк баракчасына жазды. Анын айтымында Башкы бухгалтер жана уюуштуруу бөлүм башчысынан илдет табылган. Бул арада Аравандын акими менен Жалал-Абад шаарынын мэринен коронавирус илдети табылды.

ПРЕЗИДЕНТ КООПСУЗДУК КЕҢЕШИН ЧОГУЛТТУ

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июнда бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Жыйынында өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык кырдаалы жөнүндө маселе каралды. Вице-премьер-министр Аида Исмаилованын, Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун коронавирус инфекциясынын андан ары жайылып кетүүсүнө жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу маалыматтары угулду.

Саймаитинин ишин депкомиссия иликтеп бүттү

Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин корутундусу парламент каникулга кетер алдындагы соңку пленардык жыйындарда каралды. Комиссия бүтүмүн даярдоодо Саймаити менен жакын таанышта болгон, учурда бир нече берене боюнча кылмышка шектүү катары УКМКнын Тергөө абагында олтурган Эркин Сопоков жана башкалардын тергөөгө берген көрсөтмөлөрүн колдонушкан.

Батукаевдин иши. Сотто жарыш сөз уланууда

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук териштирүү уланды. Отурумда тараптар жарыш сөзгө чыгышты.

ИНТЕРНЕТТИ КӨЗӨМӨЛДӨӨ МЫЙЗАМЫ ТАЛКУУДА

Жогорку Кеңеште депутаттар Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулаган парламенттик угуу өттү. Ал эми талкууга катышып жаткан «FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темиров мыйзам долбоору орусиялык мыйзамдардан көчүрүлүп алынганын айтып, документти кескин сынга алды. Темировдун айтымында бул мыйзам долбоору менен ачыктыкты айткан адамдардын жана маалымат каражаттарын чектөө аракети болуп жатат.

Количество просмотров: 824