• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Күндүн ыргагы: Аргасыздан узартылган карантин. Депутаттар өкмөткө нааразы

15 Чын куран 2020 20:29 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ
Кыргызстанда коронавирус жуккан 19 жаңы учур катталды. Бул тууралуу маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Үсөнбековдун айтымында бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда дагы 15 медицина кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталды. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин маалыматы боюнча, стационарларда 366 жаран жатат анын ичинде 11 бейтаптын абалы оор деп бааланууда.

ПРЕЗИДЕНТ ПАРЛАМЕНТ ЖЫЙЫНЫНДА СӨЗ СҮЙЛӨДҮ

Президент Сооронбай Жээнбеков 15-апрелде Жогорку Кеңештин отурумуна катыштып, коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкөдө түзүлгөн кырдаал тууралуу сөз сүйлөдү. Анда Жээнбеков күнүмдүк турмуштагы ыңгайсыздыкка карабай, айрым аймактардагы өзгөчө абал режимин узартуу жана киргизүү эң зарыл кадам экенин билдирди. Сөзүн жыйынтыктап жатып президент кыргызстандыктарды мамлекеттин, балдардын келечеги үчүн ынтымакка жана биримдикке чакырды.

ДЕПУТАТТАР ЖЫЙЫНГА ЧОГУЛДУ

15-апрелде Жогорку Кеңеш Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда жарыяланган өзгөчө абалды 30-апрелге чейин узартууну жана Нарын шаары менен Ат-Башы районуна да ушундай режим киргизүү боюнча президенттин жарлыгын карап, аны жактырды. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков тиешелүү жарлыкка 14-апрелде кол койгон. Өлкөдөгү өзгөчө абалды узартууну талкулоо учуранда депутаттар талкуу жүргүзушүп, бир катар суроолорду узатышты. Анда депутаттар чет жакта калып калган кыргыз жарандарынын маселеси көп болуп жатканын айтышып, өкмөттөн маалымат талап кылышты. Ал эми биринчи-вице-премьер чет өлкөдөгү мекендештерди алып келүү максатында иштер жүрүп жаиканын айтты.
Ал эми “Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты Марлен Маматалиев мурунку кесиптеши учурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаиловага кайрылып, тез арада ишке киришүүсүн айтты.

КОМЕНДАНТТЫК СААТТЫН МӨӨНӨТҮ КЫСКАРДЫ

Коменданттык сааттын мөөнөтү эки саатка кыскарды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев бүгүн 15-апрелде онлайн брифинг учурунда билдирди. Мындан тышкары ал, Бишкек шаарында коменданттык саат мөөнөтү кыскарганы менен коронавирустун алдын алыш үчүн чектөөлөр мурдагыдай тартипте улана бере турганын кошумчалады.

Количество просмотров: 270