• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Атамбаев ооруканага түштү. Депутаттар президенттин батасын алып, тарашты

30 Кулжа 2020 19:10 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Өлкөдө кронавирус  башталгандан бери аталган илдеттен бир суткада көп адам каза болгон алгачкы учур катталды. Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирустан жети бейтап каза болду. Ошондой эле соңку бир сутка ичинде коронавирус инфекциясы 279 адамдан аныкталды. Анын ичинде 47си медкызматкерлер. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Жалпысынан  өлкөдө коронавирус 5296 адамдан табылды, алардын ичинен 57 бейтап кайтыш болду, 2370 бейтап айыгып кетти.

ЖЭЭНБЕКОВ ПАРЛАМЕНТТЕ СӨЗ СҮЙЛӨДҮ

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясында өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришти. Ага президент Сооронбай Жээнбеков да катышты. Өлкө башчы өкмөттүн мүчөлөрүн антына бекем туруп, элге таза кызмат кылууга чакырды. Ошону менен катар эле президент келе жаткан шайлоо тууралуу кеп козгоп Кайсы бир партия президенттин колдоосун тааптыр деген кептер чындыкка дал келбейт деген пикирин айтты. Жээнбеков шайлоодон кайсы партия жеңип келбесин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн чогуу иштегенге даяр экенин белгиледи.

ДЕПУТАТТАР КАНИКУЛГА ТАРАДЫ

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз сессияга чогулуп, алгач президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришти. Парламент төрагасы Дастанбек Жумабековдун  кезексиз сессияда билдиргенине караганда бул сессияда парламент 136 мыйзам, 614 токтом кабыл алды. Өкмөттүн, Улуттук банктын, Башкы прокуратуранын, Эсеп палатасынын жылдык отчеттору угулуп, жарандардын 15372 кайрылуусу каралганын билдирди. Андан соң төрага Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын VII сессиясы аяктаганын жарыялады. Жогорку Кеңештин Регламентине ылайык, депутаттар 1-июлдан тарта өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барышы керек. Август айында эмгек өргүүсүнө чыгышат. Парламент сентябрь айынын алгачкы жумушчу күнүндө ишин баштайт.

АТАМБАЕВ ООРУКАНАГА ЖАТКЫРЫЛДЫ

Кыргызстандын мурунку президенти Алмабзек Атамбаев ооруканага жаткырылды. Жактоочунун айтымында, Атамбаев менен жолугушууга уруксат бериле элек, ал УКМКнын кызматкерлери тарабынан кайтарылууда. УКМКнын маалымат кызматы Атамбаев 29-июнда өзүн начар сезип жатканын айткандыктан андан COVID-19га анализ алынганын, жыйынтыгы таза чыкканын, ошол эле күнү онлайн консилиумдан кийин өпкөсүнүн эки жагы тең пневмония болгону аныкталганын 30-июнда билдирди. Ал ортодо Атамбаевдин үй-бүлөсү тергөө абагында ага ооруну атайылап жуктурушту деген билдирүү таратышты.

Атамбаевг оорунун жугушун алдын алуу үчүн аны үй камагына чыгаруу керектигин билдирген, бирок бийлик ал кайрылууну атайылап көз жаздымда калтырган” деп жазылды билдирүүдө.

БИШКЕКТЕ УНАА ЭКИ ВЕЛОСИПЕДЧЕНДИ СҮЗДҮ

Бишкекте автоунаа сүзүп кеткен эки велосипедчендин бири мүрт кетти.Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кырсык бүгүн саат 10:40тарда «Манас» аэропортуна бара жаткан жолдо катталган. Велосипедчендин бирөөсү окуя болгон жерде каза болуп, экинчиси оор абалда ооруканага жеткирилген. «Ауди» унаасынын айдоочусу кармалып,  унаа айып короого токтотулган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 736