• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Атамбаевге жолукпай ыйлаган тарапташтары. Камалган Осмоналиев партиядан да чыгарылат

3 Жалган куран 2020 21:34 Бишкек Govori.TV

СОТКО АТАМБАЕВДИ АЛЫП КЕЛИШТИ
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 3-мартта Кой-Таш окуясы боюнча баштапкы соттук жыйын өтүп, ишти кароо эртеңкиге калтырылды. Кызыгы отурумга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алынып келинди.

ОСМОНАЛИЕВ ПАРТИЯДАН ЧЫГАРЫЛАТ
Садыр Жапаровду колдоо митингди уюштурган Каныбек Осмоналиев «Ар-Намыс» партиясынан чыгарылат. Бул тууралуу Феликс Кулов билдирди.Анын айтымында, Каныбек Осмоналиев митинг уюштуруп жаткандыгы тууралуу лидерге кабар берген эмес.

БАТУКАЕВДИН ИШИ БОЮНЧА ОТУРУМ ЖЫЛДЫ
Бүгүн, 3-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды.

«ПОЛИТКЛИНИКА» МЕДИАСЫНЫН КЕҢСЕСИ КАРАКТАЛДЫ
2-марттан 3-мартка караган түнү белгисиз бирөөлөр «ПолитКлиника» медиасынын кеңсесин тинтип кетишти. Редакция кызматкерлери аны эртең менен жумушка келгенде көрүп, милицияга кабар беришкен.

КОРОНАВИРУС МЕНЕН КИМДЕР ООРУЙТ?
Өзүн “Кудаймын” деп атаган Арстан Алай бүгүн маалымат жыйын уюштуруп, корнавирус илдети менен кимдер ооруй турганын айтып берди. Анын айтымында, коронавирусту ал жөнөтүп, чек арасын чийип койгон.

Количество просмотров: 751