• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Күндүн ыргагы: Аялын сабаган эркек камалды. Сот “Кыргызстан” партиясынын пайдасына чечим чыгарды

27 Баш оона 2020 20:57 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда 27-августка карата коронавирус жуккан жаңы 101 учур катталды. Бул тууралуу онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 43 миң 459 адамга жетти.

COVID-19 МЕНЕН КҮРӨШТӨ САЛЫМ КОШКОНДОР СЫЙЛАНДЫ

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-августта, коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө көрсөткөн кайратман жана ак ниет эмгеги, туруктуулугу жана чыдамкайлыгы, жарандык милдетине берилгендиги, адам өмүрүн сактоо ишиндеги кесипкөйлүгү үчүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Коронавирустук менен күрөшүүдө көрсөткөн кайратман жана ак ниет эмгеги, туруктуулугу жана чыдамкайлыгы, жарандык милдетине берилгендиги, адам өмүрүн сактоо ишиндеги кесипкөйлүгү үчүн 9 дарыгер “Даңк” медалы менен 21 дарыгер «Эмгек сиңирген дарыгер» наамы менен сыйланды.

СОТ «КЫРГЫЗСТАН» ПАРТИЯСЫНЫН АРЫЗЫН КАНАТТАНДЫРДЫ

Бүгүн, 27-августта Бишкектин административдик соту «Кыргызстан» партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына каршы жазган арызын карап, аны толугу менен канаттандырды. Бул тууралуу «Кыргызстан» партриясынын өкүлү Талант Мамытов журналисттерге билдирди. Эске салсак, БШК 25-августта «Кыргызстан» партиясы «шарттарды бузган» деген негиз менен анын документтерин артка кайтарган. 26-августта «Кыргызстан» партиясы БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз берген.

2 ПАРТИЯ ШАЙЛООГО КАТЫШУУДАН БАШ ТАРТТЫ

Дагы эки партия Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады. Маалыматка караганда, “Нур” жана “Тартип-Порядок” саясый партиялары шайлоого катышуудан баш тарта тургандыгын билдиришкен. Шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 27-августтагы жыйынында партиянын билдирүүсүн карап, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-18-беренелерин жетекчиликке алуу менен аны эске алуу чечимин кабыл алды.

БАТУКАЕВДИН ИШИ БОЮНЧА ЭКИ КИШИГЕ ӨКҮМ ЧЫКТЫ

Бишкектеги Свердлов райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишинде айыпталуучу катары өтүп жаткан мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаевага жана атайын прокуратуранын өкүлү Кубатбек Жуматаевге карата чечим чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти. Ага ылайык, Сагинбаева менен Жуматаев бул иште коррупцияга катыштыгы бар деген негизде күнөөлүү деп табылган. Алар тергөө менен кызматташууга баргандыгы үчүн сот ар бирине 260 миң сом өлчөмүндөгү айып төлөөгө милдеттендирген.

КЫРГЫЗСТАН-ОРУСИЯ АБА КАТТАМДАРЫ ЖАНДАНДЫ

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жана бир канча шаарлардагы консулдуктар мекендештердин Кыргызстанга кайтып келүүсү үчүн чартердик рейстерге жарандардын тизмесин түзүүнү токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды. Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинин басма сөз кызматы билдиргендей, эми Орусияда жашап жана эмгектенип жүргөн кыргызстандык жарандар «Авиатраффик», «Аэрофлот», «Сибирь», «Тез жет» жана «Урал аба линиялары» авиакомпанияларынан билеттерди өздөрү түз сатып ала алат. Тактап айтканда, аталган авиакомпанияларга авиабилеттерди өздөрүнүн расмий авиакассалары же авиакомпаниянын веб-сайттары аркылуу өз алдынча сатууга укук берилди.


АКСЫДА АЯЛЫН УРГАН ЭРКЕК КАМАЛДЫ

Аксы районунун Кербен шаарында 33 жаштагы аялды сабаган деген шек менен күйөөсү камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Милициянын маалыматына ылайык, 26-августта саат 7:30 чамасында Аксы райондук аймактык ооруканасынын 103 кызматынан райондук милицияга аялдын токмоктолгону жөнүндө кабар түшкөн. Милициянын тергөө ыкчам тобу ооруканага жана окуя болгон жерге барып, топтолгон материалдардын негизинде иш Жоруктар кодексинин 75-беренеси («Үй-бүлөдөгү зомбулук») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. Шектүү тергөө абагына киргизилди.

Количество просмотров: 497