• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: «Бүтүн Кыргызстандын» тарапташтары митингге чыгышты. Вирус менен жарыша шайлоо өнөкөтү өтүүдө (Түз эфир)

7 Аяк оона 2020 18:11 Бишкек Govori.TV
Күндүн ыргагы: "Бүтүн Кыргызстандын" тарапташтары митингге чыгышты. Вирус менен жарыша шайлоо өнөкөтү өтүүдө

Күндүн ыргагы: "Бүтүн Кыргызстандын" тарапташтары митингге чыгышты. Вирус менен жарыша шайлоо өнөкөтү өтүүдө

Опубликовано Govori TV Понедельник, 7 сентября 2020 г.

“БҮТҮН КЫРГЫЗСТАНДЫН” ТЕГЕРЕГИНДЕГИ ЧЫР
Бүгүн «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына арызы Бишкек шаардык административдик сотунда сотунда каралып жатат. Ал арада партия өкүлдөрү, тапарташтары соттун имаратынын алдына чогулуп колдоо сөздөрүн айтышууда. Партия өкүлдөрү 3-сентябрда БШКнын “Бүтүн Кыргызстан” партиясы техникалык ката кетиргени үчүн шайлоодон четтетүү боюнча чечимине каршы экенин билдиришүүдө.

ПАРТИЯЛАР ТАЛАПТАРДЫ АТКАРУУ КЕРЕК
Шайлоо процессин өткөрүү коронавирус инфекциясы пандемиясы мезгилине туш келди. Бул процесстин бардык катышуучуларынан социалдык жактан дагы чоң жоопкерчиликти талап кылат. Мындай пикирин премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

СООДА БОРБОРДОГУ ИЖАРАЧЫЛАР ӨКМӨТКӨ КАЙРЫЛДЫ
Бүгүн 7-сентябрда борбор калаада жайгашкан эки ири соода борбордун ижарачылары маалымат жыйын уюштуруп, өкмөт тарабынан алардын ишмердүүлүгүнө уруксат берилибей жатканын айтып нааразы болушту. Алар бийликтен эмнени талап кылып жатышат толугураак алдыдагы материалда….

КОРОНАВИРУС АКЫРКЫ АБАЛ
Кыргызстанда бүгүн коронавирус 55 адамдан табылды, бул илдеттен каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу бүгун Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, жаңы катталган 55 адамдын эң көбү Баткен облусунда – 13 адам.

ТОКТОГУЛ СУУ САКТАГЫЧЫНДА СУУ КӨБӨЙДҮ
7-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 24 млн куб метрге жетти. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

ЭЛ АРАЛЫК ТАЗА АБА КҮНҮ
«МувГрин» коомдук бирикмеси Бишкек шаарында Эл аралык таза аба жана ачык асман күнүнө карата акция өткөрдү. БУУ ушул жылдын 7-сентябрын таза аба жана көк асман күнү деп белгилеген. Акциянын катышуучулардын айтымында булганган аба азыркы учурда көпчүлүк өлкөлөрдүн көйгөйлүү маселеси болуп жатат. Активисттер акциянын максаты абанын булгануусуна дуушар болгон жагдайлар тууралуу маалымат жеткирүү экенин айтышууда.

Количество просмотров: 284