• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Баңги бизнеси менен алектенген аскерлер. Жээнбеков эми сотторду сагаалап калабы?

29 Үчтүн айы 2021 18:10 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВДУ ЧЕТ ЭЛДИК ЛИДЕРЛЕР КУТТУКТАДЫ

Президент Садыр Жапаровду мамлекет башчылык кызматка расмий киришүүсү менен чет элдик лидерлер куттуктап жатат. 29-январда президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, алгачкы болуп өз куттуктоосун Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жөнөткөн. Ал түркмөн-кыргыз мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирип, ыңгайлуу болгон убакта Түркмөнстанга келип кетүүгө чакырды. Бул арада Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер өз куттуктоосунда “Биз мындан ары да Сиздин өлкөңүздү демокаратияны алга жылдыруу, мыйзам үстөмдүгү жана коомдун бардык катмарын камтыган туруктуу өнүгүү жолунда колдоого алабыз” деген телеграммасын жолдоду.

СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ СОТКО ЧАКЫРЫЛДЫ

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаардык сотуна мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча суракка чакырылды. Зилалиевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдиргендей, Сооронбай Жээнбеков суракка күбө катары чакырылган. Ал «Оптима Банктын» сейфинен 1 миллион доллардын табылышы боюнча суралат.

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 менен пневмониядан бир адам каза болуп, 74 кишиге вирус жукканы маалым болду. Илдеттин курмандыктары жалпы 1409 кишиге жетсе, пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын саны 80 643тү түздү. Стационарда 600 бейтап дарыланууда, алардын ичинен 180 адам оор абалда, 23 киши өтө оор абалда жатат. Амбулатордук дарыланууда 792 адам бар. Илдетти жугузуп алган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4171 киши болду, алардын ичинен 4087и айыгып чыкты.

СЕГИЗБАЕВДИН ЖАКТООЧУСУ ШААРДЫК СОТКО АРЫЗДАНДЫ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы, камактагы Абдил Сегизбаевге чыгарган Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы анын адвокаты Кантемир Турдалиев Бишкек шаардык сотуна 28-январда арыз берди. Кантемир Турдалиев райондук сот чечимди иштин бардык жагдайларын эске албай туруп чыгарганын айтууда.

ЮРИСТТЕР ЧОГУЛДУ

Бүгүн, 29-январда, Кыргызстан юристтер жамааты Бишкекте «Соттук укуктук реформаны камсыз кылуу боюнча конституциялык укуктук чаралар» деген темада тегерек стол өткөрдү. Анда юристтер Таттуубүбү Эргешбаева, Сания Токтогазиева, Айдин Бакытбеков, Асел Курманалиевалар сот системасын талдоо боюнча аналитикалык иштер, ошондой эле аны жакшыртуу боюнча сунуштарды айтуу менен ойлорун ортого салышты.


АСКЕР КЫЗМАТКЕРИ БАҢГИ БИЗНЕСИН ЖҮРГҮЗГӨНГӨ ШЕКТЕЛҮҮДӨ

Ош шаарында аскер бөлүгүнүн кызматкери баңгизат сатуу каналын уюштурганы аныкталып, кармалды. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын маалыматына ылайык, 30 жаштагы А. уулу Н. аттуу аскер кызматкери 27-январь күнү өсүмдүк тобундагы баңгизатты сатып жаткан учурда колго түшүрүлгөн. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 7 граммды түзгөн гашиш деп табылган.

Количество просмотров: 982