• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Журналист абактан кат жолдоду. Ымыркайын ыргыткан эки келин кармалды

20 Жетинин айы 2023 19:29 Бишкек Govori.TV

ЧЕК АРАДА УНААЛАР КЕЗЕГИ ЖАРАЛДЫ

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы кабарлагандай, 20-ноябрга карата кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө көзөмөл бекетинде 500 жүк ташуучу автоунаа кезек күтүп турат.

Маалыматка ылайык, акыркы суткаларда Кыргызстандан Казакстанга 280 автоунаа кирген.

«Чек ара бекетинде жүк ташуучу унаалардын топтолушу айыл чарба азыктарынын экспорту көбөйүшүнө байланыштуу жыл сайын боло жүрүүчү сезондук көрүнүш. Жаныбарларды жана тез бузулуучу азыктарды ташыган автоунаалар чек арадан кезексиз өткөрүлүүдө. Кыргызстан менен Казакстандын чек ара кызматтары тарабынан жүк ташуучу унааларга эч кандай чектөө жок. Бардык өткөрмө пункттары штаттык режимде иштеп жатат», деп жазылган маалыматта.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандан Казакстанга, андан ары Орусияга негизинен айыл чарба продукциясын ташышат.

ЖУРНАЛИСТ АБАКТАН КАТ ЖОЛДОДУ

Nazarnews сайтынын башкы редактору Гүлжан Шерипбаева абактан кайрылуу жолдоду. Анын катын жактоочусу Жаныш Бараков 20-ноябрда жарыялады.

Анда журналист абалы жакшы экенин, тергөө кызматкерлери акыйкат иш алып барат деген оюн билдирген.

Шерипбаеваны 16-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери кеңсесинен алып кетишкен. Атайын кызмат ага козголгон иш тууралуу маалымат бере элек.

Ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 1-декабрга чейин №1 тергөө абагына камакка алынган. Райондук сот журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (“Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты (араздашууну) козутуу”) боюнча айып тагылганын билдирген. Ал эми 18-ноябрда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери аны менен жолукканда өзүнө тагылган айыпка макул эмес экенин айтканы кабарланган.

ЖОЛ ТОСКОНДОРГО ӨКҮМ ЧЫКТЫ

Бүгүн 20-ноябрда Сокулук райондук соту Чүйдүн Селекция айылындагы жол тосууга айыпталып кармалгандар боюнча өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу адвокат Шерадор Абдыкапаров билдирди.

Маалыматка караганда, блогер Эртай Искаковго 50 миң сом айыппул салынды, ал эми ушул айылдын тургундары Бакыт Балбаевге жана Бактыбек Бекболотовго 100 күндүк коомдук жумушка тартуу жаза чарасы чегерилди.

Буга чейин прокурор Искаковду беш жылга, Балбаев менен Бекболотовду төрт жылга эркинен ажыратууну сураган.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын июль айында Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары суу жоктугуна нааразы болуп, Бишкектеги Жайыл Баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүн тосушкан. Кийин нааразылык акциясына катышкан бир нече киши суракка чакырылган.

Митингди видеого тартып, Инстаграм аркылуу түз эфирге чыгарган блогер Эртай Искаков, жергиликтүү тургундар Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотов камакка алынган. Үчөөнө тең «жол тосууну уюштурган, бейбаштык кылган» деген берене менен иш козголгон. 20-сентябрда алар сот чечими менен үй камагына чыгарылган.

ДАГЫ БИР ЫМЫРКАЙ ТАБЫЛДЫ

20-ноябрга караган түнү Арча-Бешик жаңы конушунда ташталган жаңы төрөлгөн ымыркай табылган. Баланы милиция кызматкерлери Бишкектеги №2 төрөт үйүнө алып барышкан, балага жандандыруучу медициналык жардамдар көрсөтүлгөн. Кийинчерээк наристени төрөп таштоого шек санап, 20 жаштагы келин кармалды.

Бул арада Жалал-Абад шаарындагы Спутник кичи шаарчасындагы таштанды таштоочу жайда жаңы төрөлгөн ымыркай кыз табылганы маалым болду. Милициянын маалыматы боюнча, окуя 18-ноябрда болгон. Териштирүү иштеринин натыйжасында 2005-жылы туулган кыз кармалган.

Ал эми 20-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында эл өкүлү Эльвира Сурабалдиева ташталган ымыркайлар боюнча өз пикирин билдирип, беби-бокс маселесин көтөрду.

Депутаттын айтымында, өлкөдө бэби-боксторду ачып, анда балдарды купуя түрдө калтырып кетүү шартын түзүү зарыл экенин акыркы окуялар көрсөттү.

Белгилей кетсек, буга чейин 8-ноябрдын кечинде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде желим баштыкка салынган ымыркай таштанды челектен табылган. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган. 11-ноябрда баланын энеси кармалып, Октябрь райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган. 14-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук соту шектүүнү сыртка чыкпоо жөнүндө тил кат менен камактан бошоткон.

ЖООКЕР ИЗДЕЛҮҮДӨ

Кара-Көлдө жоокерди аткан аскер кызматкери издөөгө алынганын ИИМдин ички аскерлер бөлүгүнүн маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн таңкы саат 6:00дөр чамасында ИИМдин ички аскерлер бөлүмүндө катталган. Анда Кара-Көл шаарында аскерге чакырылган жоокер бирге кызмат өтөп жаткан жоокерди атып, ал окуя болгон жерден жан берген.

Шектүү  качканда колундагы куралын кошо көтөрө кеткен. Азыр ага издөө салынып, иликтөө иштери башталды.

ИЧИМДИК ИЧКЕН КЫЗМАТКЕРЛЕР ИШТЕН АЙДАЛДЫ

«Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эмгек тартибин бузгандыгы үчүн иштен алынды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Иштен алынган кызматкерлердин арасында»Бишкек асфальт сервис» ишканасынын инженер-энергетик, пландык-экономикалык бөлүмдүн башчысы, башкы эсепчи, диспетчери бар.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө кызматкерлердин биринин аялы күйөөсүнүн жумушуна келип, жаңжал чыккан. Анда бир топ кызматкер жумуш ордунда ичимдик ичип отургандыгы белгилүү болгон.

Количество просмотров: 1122