• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жапаров Баткенди кыдырууда. “Дордойдо” салык чогулткан салыкчылар кармалды

11 Бештин айы 2023 18:20 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ БАТКЕНГЕ БАРДЫ

Президент Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы жаңы мектептин ачылыш аземине катышты.

Ошол эле маалда мамлекет башчысынын катышуусу менен онлайн форматта аталган аймакта бир катар социалдык объектилердин ачылышы болуп өттү. Жапаров бул жакшы саамалыктар — Баткен облусундагы Бусурманкул Ходжаев атындагы мектептин жана башка бир топ социалдык объектилердин ачылыштары менен куттуктады.

Президент социалдык маанидеги объекттердин курулушу боюнча 2023-жылдын титулдук тизмесиндеги 46 объектиге 427, 0 млн сом акча каражаты каралганын белгиледи. Анын ичинде 32 мектеп, 2 саламаттыкты сактоо мекемеси, 2 маданият мекемеси жана 6 таза суу менен камсыздоо объектилери бар.

Ошондой эле мамлекет башчысы 275 орунга ылайыкталган жаңы мектептин имаратын карап чыкты. Ага окуу класстары, спорт залы, ашкана, китепкана жана башка жайлары көрсөтүлдү.

180 КЫЗМАТКЕР ЭМНЕ ҮЧҮН ИШТЕН АЙДАЛДЫ?

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет кримтөбөл Камчы Көлбаев жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышта 226дан ашык ар кандай даражадагы мамлекеттик кызматкер аныкталганын кабарлады.

Анын ичинен 180ден ашууну ээлеген кызматынан бошотулду.

Бажы кызматында 85 кызматкер аныкталып, анын 76сы иштен бошотулса, Ички иштер министрлигинде 26 кызматкер аныкталып, анын 14ү кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетилди, жергиликтүү кеңештин 6 депутаты мандатын тапшырды, 65 кызматкер райондук мамлекеттик администрациядан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ал эми башка министрликтер менен ведомстволордо иштеген бир катар кызматкерлер аныкталып, кызматынан бошотулду.

Учурда калган аныкталган мамлекеттик кызматкерлер боюнча тиешелүү кошумча иштер улантылууда.

САЛЫКЧЫЛАР КАРМАЛДЫ

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын буга чейин “Дордой” соода-базар комплексинде салык чогултууга жооптуу болгон 5 кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Бул коррупциялык схема 5-6 жыл туруктуу туруп, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ар бир мыйзамсыз аракеттери үчүн акчалай сыйлык алып турган.

«“Дордой” соода-базар комплексинин бир базарынын аймагында 600дөн ашык соода жайлары бар, ал эми салык 400 гана ишкерден түшүп турган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) каралган кылмышты жасаган деген шек менен сотко чеийинки өндүрүштүн алкагында Салык кызматынын 4 кызмат адамы жана Салык кызматынын азыркы жетекчилеринин бири Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо, ошондой эле мамлекетке

ФЕЙСБУК КОЛДОНУУЧУСУ КАРМАЛДЫ

Массалык баш аламандык уюштурууга элди үндөгөн “Фейсбук” социалдык тармагынын колдонуучусу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси боюнча (“Массалык баш аламандык”) козголгон кылмыш кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө массалык баш аламандыкка жана мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбоого чакырыктарды дайыма жарыялап турган “Фейсбук” социалдык тармагындагы “Айман Манап” аккаунтунун колдонуучусу, КРнын 1983-жылы туулган жараны аныкталып, кармалды.

«Өз аракети үчүн жоопкерчиликтен качуу үчүн колдонуучусу купуялык сырларын колдонуп келген, башкача айтканда “Фейсбук” социалдык тармагында фейк аккаунтун колдонгон жарандын жашаган жеринде ыкчам тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө анын уюлдук телефону, ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар башка буюм далилдери алынды»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ЖМКЛАРДЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ БОЮНЧА АРЫЗ

Үстүбүздөгү жылдын 11 айында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин дарегине жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) ишмердүүлүгү боюнча 77 арыз түшкөн. Бул тууралуу министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.

Анын айтымына караганда, алар сайттарды жабуу же убактылуу ишин токтотуу жөнүндө гана эмес, ар кандай мүнөздөгүлөр.

«Биз белгилүү бир сайтты жабуу боюнча чечим кабыл албайбыз. Эгерде жеке жаран же юридикалык жак кандайдыр бир медиа алардын аброюна шек келтирүүдө десе, анда алар бизге кат түрүндө кайрыла алат. Биз 24 сааттын ичинде арыз түшкөн ЖМКга мониторинг жүргүзөбүз. Эгерде арызда көрсөтүлгөн нерсе анык болуп, документтер менен тастыкталса, анда биз Санариптик өнүктүрүү министрлиги аркылуу эскертүү беребиз»,-деди ал.

ТАМАК-АШ КАЛДЫКТАРЫН ТӨККӨН РЕСТОРАНГА АЙЫП САЛЫНДЫ

Бишкекте тамак-аш калдыктарын канализацияга төккөн «Сармерден» ресторанына айып салынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Белгилей кетсек, кечээ социалдык тармакта «Сармерден» («Чоно Трейд» ЖЧК) ресторанынын өкүлдөрү тамак-аш калдыктарын канализацияга төгүп жаткан видео жарыяланган.

2023-жылдын 9-декабрында Бишкек мэриясынын көрктөндүрүүнү көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери «Бишкексууканал» ишканасынын, №6 МАБнын өкүлдөрү менен биргеликте кайрылууну жеринде карашты.

№6 муниципалдык аймактык башкармалыгы тарабынан 17 миң сомго КР Кылмыш-жаза кодексинин 118-беренесине ылайык протокол түзүлдү.

КӨЧӨЛӨРГӨ 501 ТОННА ТУЗ СЕБИЛДИ

«Тазалык» муниципалдык ишканасы Бишкектин жолдорун кардан тазалоо иштерин улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, акыркы үч күндө жолдорго 501 тонна туз чачылды, анын 74 тоннасы тротуарларга себилген.

«Көчөлөрдө 39 атайын техника, 27 кар тазалоочу унаа, 1 кум чачуучу унаа, 2 фронталдык жүктөгүч иш алып барууда «, — деп айтылат маалыматта.

Аялдамалардан жана тротуарлардан карды тазалоого 649 тазалоочу, 116 жүктөөчү унаалар менен чыкты.

Количество просмотров: 155