• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Бажычылар кармалды. Орусияда кыргыз паспорту сатылып жатабы?

18 Бугу 2023 19:14 Бишкек Govori.TV

ДЕПУТАТТАРДЫН НААРАЗЫЧЫЛЫКТАРЫ

Бүгүн, 18-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлдү.

Жыйында сөз алган депутат Гуля Кожокулова Орусияда avito.ru жарнама сайтында Кыргызстандын паспорту ачык эле сатылып жатканын айтып, нааразы болду. Депутат маселе боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти чара көрүүгө чакырды.

Депутат Эрулан Көкүлов болсо  кыргыз өкмөтүнүн туризмди өнүктүрүү жана туристтерге шарт түзүү иштерин сынга алды. Ал Министрлер кабинети өлкөдө туристтер барып эс ала турган жерлерге жол салбаганын, кооз жаратылышы бар аймактарды жарнамалоо иштери начар экенин айтты.

Ал эми депутат Элвира Сурабалдиева Улуттук телерадио корпорациясынын кызматкери, Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевдин Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевден алган маеги тууралуу маселе көтөрдү. Сурабалдиева маектин чыгарылышынын максатына кызыгып, жана анда айтылган сөздөр тууралуу өз сын пикирин айтты.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевдин жакында жарык көргөн маеги коомчулукта бир катар талкууларды жаратууда. Маекти Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиев алган. Бакиев маегинде өзү бийликте тургандагы өлкө экономикасы, өндүрүштүн абалы тууралуу айтып, кандуу окуяларга байланышы, ага карата чыккан сот өкүмү, ал президент болуп турган мезгилде орун алган буюртма адам өлтүрүүлөр жөнүндө суроолорго жооп берген. 

Талкуулардан соң УТРК Кадыр Кошалиев мурдагы президенттен маек алуу боюнча каналдын жетекчилигине эч кандай маалымат бербегенин кабарлаган.

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 80ден ашуун киши каза болгон. Курманбек Бакиевге карата 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар жана башка иштер боюнча сыртынан сот өкүмү чыгып, 30 жылга эркиндигинен ажыратылган.

ШАКИЕВ ЛУКАШЕНКО МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Көз карандысыздык сарайында өткөн жолугушууга Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясына мүчө мамлекеттердин парламенттеринин төрагалары да катышты.

Жолугушууда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун учурдагы абалы жана анын келечеги талкууланып, кызматташтыкты өнүктүрүүдө парламенттердин ролу жогору экени белгиленди.

Ошондой эле Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко Парламенттик ассамблеянын ишин жакшыртуу жаатындагы сунуш-пикирлери менен бөлүштү. Анын ичинен коргоо жана коопсуздук жаатындагы моделдик мыйзамдарды иштеп чыгуу маселелерине токтолду.

Муну менен катар уюмга мүчө мамлекеттерде өткөн шайлоо өнөктүктөрүнө байкоочу катары Парламенттик ассамблеянын миссиясынын катышуусу өзгөчө мааниге ээ экенин айткан Александр Лукашенко социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу зарылчылыгын да кошумчалады.

БАЖЫЧЫЛАР КАРМАЛДЫ

Ошто коррупцияга шектелип бажычылар жана темир жол башкармалыгынын башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) менен каралган кылмыш ишинин алкагында, Мамлекеттик бажы кызматынын «Достук» алдын ала бажы процедурасынын жеринин башчысы, Ош темир жол башкармалыгынын башчысы жана «Достук» алдын ала бажы процедурасынын жеринин кезектик башчысы кармалды.

Такталгандай, жогорудагы адамдар «Достук» постунда алдын ала бажы процедурасынын жери аркылуу өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жеке ишкерлерден акча каражаттарын чогултуу боюнча мыйзамсыз баюу максатында туруктуу коррупциялык схеманы уюштуркан.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

АЭРОПОРТТУН ЖЕТЕКЧИЛИГИНЕ ИШ АЧЫЛДЫ

УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан «Каракол» аэропортунун жетекчилигине карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Каракол» аэропортунун кызмат адамдары жеке кызыкчылыгын көздөп, аэропорттун атайын техникасын жана жабдууларын, баалуу металлдарды чыгарып алган адамдарга мыйзамсыз сатып жибергендиги аныкталган

Көрүлгөн чаралардын жана уруксат берилген издөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча Каракол шаарында алтынды аффинаждоочу жер астындагы лаборатория табылган, кийин ал тиешелүү профилдеги экспертизанын корутундусу менен тастыкталган.

Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

КАЛАЙМАН МУШТАШ УЮШТУРГАНДАР КАРМАЛДЫ

Токмок шаарында массалык мушташ уюштургандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-май күнү шаардык милицияга Алга айылынын 56 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 11-май күнү болжол менен саат 20:00до Токмок шаарынын №1 кичи районунда белгисиз балдар 2007-жылы туулган уулун ур-токмокко алган.

Милицияга ушундай арыз менен 39 жана 32 жаштагы жарандар кайрылган. Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “бейбаштык” боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө жүргөн.

Милиция массалык мушташты уюштурууга жана ага катышууга шектүү катары 2005 жана 2007-жылы туулган балдарды кармап, алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда териштирүү иштери уланууда.

Количество просмотров: 255