• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Күндүн ыргагы: Депутат соттордун кантип байыганына кызыкты. Көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты текшерилеби?

8 Бирдин айы 2023 18:00 Бишкек Govori.TV

ТҮРКИЯДАГЫ ЗИЛЗАЛА: КЫРГЫЗСТАН ЖАРДАМ КОЛУН СУНДУ

Жогорку Кеңештин депутаттары Түркиядагы катуу жер титирөөдө набыт болгондорго бир мүнөттүк аза күтүү менен ишин баштады. Андан соң бир катар депутаттар дагы сөзгө чыгып Түркия элине көңүл айтышты. Шайлообек Атазов үй-жайсыз калган түркиялыктарга боз үй жөнөтүүнү сунуштады. Ошондой эле Түркиянын зилзаладан жабыркаган аймагында кыргызстандык куткаруучулардын лагери ачылды. Бул тууралуу 8-февралда Кыргызстандан барган куткаруучулар тобунун башчысы Ырысбек Жолдошбаев билдиргенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Эске салсак, 2023-жылдын 6-февралынын таңында Түркиянын түштүк-чыгышында магнитудасы 7,7ге жеткен зилзала болгон. Мамлекеттин башчысы Режеп Тайип Эрдогандын айтымында, бул 1939-жылдан берки эң күчтүү жаратылыш кырсыгы болуп калды.
Соңку маалыматтарга караганда, Түркияда болгон зилзала 5 894 адамдын өмүрүн алса, Сирияда бул сан 1 250гө чыкты. Жаракат алгандар 34 810 адамга жетти. Ал эми Сирияда 2 054 киши жабыркаган.

ҮЙЛӨРДҮН САПАТЫН ТЕКШЕРҮҮ

Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев ири шаарлардагы көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунун сапатын, коопсуздугун текшерүү үчүн комиссия түзүүнү сунуштады. Ушундай эле пикирди дагы бир депутат Марлен Маматалиев кубаттап, Бишкекте акыркы жылдары курулган үйлөр сапатсыз салынып жатканын сындады. Кошумчалай кетсек, Бишкектеги башаламан курулуштар жана шаар курулуш мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн былтыр апрелде 11 депутаттан турган комиссия түзүлгөн. Бишкекте менчик курулуш компаниялар көп кабат үйлөрдү уруксаты жок жерлерге куруп жатканы жана алардын сапаты тууралуу маселе коомчулукта талкууланып келет.

ИШКЕРДИ ОПУЗАЛАГАН КЫЗМАТКЕРЛЕР КАРМАЛДЫ

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын жана райондук архитектурасынын жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 6-февралда УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан («Опузалап пара алуу») беренеси менениш козголуп, ал материалдын алкагында акча каражаттарынын бир бөлүгүн берип жаткан учурда Базар-Коргон райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башкы бухгалтери жана Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын архитектура-курулуш көзөмөлүнүн башкы инспектору кармалды. Аталган кызмат адамдары алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келип, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, жеке ишкерден коммерциялык объектти курууга уруксаат берүү үчүн 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган. Кармалгандар тергөө камак жайына киргизилди. Учурда УКМКнын Башкы башкармалыгы тарабынан бул кылмышты жасоого катышкандардын бардыгын аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

СУДЬЯЛАРДЫН КЫМБАТ УНААЛАРЫ ТАЛКУУДА

Бүгүн Парламент жыйынында Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди. Анда Жеңишбек Токторбаев Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев соттор кандай жол менен байып, кымбат баалуу унааларды каяктан алып жатканына кызыкты. Ал эми Жогорку соттун төрагасы депутаттын суроосуна төмөндөгүдөй жооп берди.

ЭЛЕКТР ҮЧҮН СУНУШТАЛГАН ЖАҢЫ ТАРИФ

Энергетика министрлиги электр энергиясына жаңы тарифтерди иштеп чыгууда. Бул тууралуу Бишкекте өткөн тегерек столдо министрдин орун басары Сабырбек Султанбеков билдирди.
Анын айтымында, бул маселе талкууланып жатат, азырынча бекитилген акыркы вариант жок. Тарифтер 2021-2022-жылдардын жыйынтыгы боюнча инфляциянын көрсөткүчүн эске алуу менен көбөйтүлөт. Ал түшүндүргөндөй, 1 киловатт-саат үчүн 77 тыйындан турган тариф үчүн эки жылдык инфляциянын деңгээли колдонулат. Аны эске алганда тариф 97 тыйынды түзөт.
“Биз мындай тарифти 700 киловаттка чейин керектөө үчүн пландаштырып жатабыз. 700 киловаттан ашык керектөөдө кандай тариф болору боюнча акыркы чечим чыга элек. Бирок, тариф жылдык инфляциянын деңгээлин эске алуу менен оңдолот. Аны эсепке алганда 2,41 сомду түзөт”, — деди Султанбеков. Мындай шартта азыркы 700 киловатт-сааттан ашык керектөө үчүн 2,16 сом тарифди көтөрүү 11,6%ды түзөт. Бирок, министрдин орун басары белгилегендей, дагы бир вариант каралып жатат. “700дөн 1,5 миң киловатт керектөөдө 2,16 сом тарифти калтыруу, ал эми андан жогору керектөөдө 3,4 сомго көтөрүү сунушу дагы бар”, — деп кошумчалады ал.
Энергетика министринин орун басары белгилегендей, тарифтерди көтөрүү керектөөчулөрдүн эки категориясына тиешеси болбой турганын билдирди: мамлекеттин социалдык камсыздоосунда турган аз камсыз болгон жарандарга. Алар үчүн киловат-сааты 50 тыйын деңгээлинде калтырылат; энергияны көп талап кылган объектилер, анын ичинде куюу, тоо-кен, алтын казып алуу ишканалары, спирт өндүрүүчүлөр. Алар үчүн 5,04 сом өлчөмүндө калат.

Количество просмотров: 165