• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Күндүн ыргагы: Депутаттар Байсаловго кайра нааразы. Кыргызстандан уурдалган Инанды 21 жылга кесилди

16 Кулжа 2023 20:14 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ ЖЫЙЫН КУРДУ

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-июнда өлкөнүн саламаттык сактоо тармагынын актуалдуу маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү, ошондой эле Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк достук ооруканасынын базасында ички органдарды трансплантациялоону уюштуруу мүмкүнчүлүгү каралды.  Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасында бардык уюштуруу иштери аяктады, ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн 30 млн сом мамлекеттик насыя алынган, дары-дармек каражаттарын өндүрүү боюнча алдыңкы жети чет өлкөлүк завод менен түздөн-түз келишимдер түзүлдү. Мамлекет башчысы «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына толук кандуу иштөө жана өндүрүш заводдору менен жаңы келишимдерди түзүү үчүн азыркыга чейин бюджеттен 1 млрд сом каражат бөлүнбөгөнүнө абдан нааразы болду. 

ДЕПУТАТТАР КӨТӨРГӨН МАСЕЛЕЛЕР

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, жаштар жана спорт тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат укту. Жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев өлкөдөгү маданий мекемелердин абалын сындады. Депутат Алишер Козуев орусиялык рэпер Моргенштерндин Кыргызстанга келишине каршы экенин билдирип, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигин чара көрүүгө чакырды. Бул арада депутат Шайлообек Атазов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жыйынга келбегенине нааразы болуп, аны ээлеген кызматтан ордуна татыктуулугу тууралуу маселе кароо керектигин белгиледи. Ал эми депутат Кундузбек Сулайманов улуттук баалуулуктар жөнүндө кеп козгоду.

БАТКЕН: КУРУЛУШ КОМПАНИЯГА ИШ КОЗГОЛДУ

Баткенде үй курам деп миллиондорду уурдаган “Келечек ЛТД” курулуш компаниясы боюнча кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу  Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын жашоочулары Баткен облустук башкармалыгына арыз менен кайрылышып, анда 2022-жылдын сентябрь айындагы Тажикстандын Кыргызстандын аймагында куралдуу кол салуусу учурунда жабыр тарткан курулуштарды калыбына келтирүү үчүн тартылган “Келечек ЛТД” курулуш компаниясына мыйзамдуу чара көрүп берүүнү өтүнүшкөн. Анткени аталган компания жалпы 5 млн 347 миң 330 сомдук курулуш материалдарын алып, акчасын бербей койгон. Бул факты боюнча 2023-жылдын май айында Баткен ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексиинин 209-беренесинин 3-бөлүмүндө («Алдамчылык») көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон. Тергөө учурунда “Келечек ЛТД” жооптуу өкүлү шектүү катары суракка алынып, камакка алынды. Ал эми экинчи шектүү “Келечек ЛТД” курулуш компаниясынын өкүлү боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

ОРХАН ИНАНДЫ 21 ЖЫЛГА КЕСИЛДИ

Анкарадагы Жогорку Сот Орхан Инандыга «куралдуу террордук уюмду башкаруу» беренеси менен айып тагып, 21 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда «Анадолу» агенттиги кабарлады. Кыргыз жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген Инанды 2021-жылдын 1-июнда жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар аны Анкарага алып барганын айткан. Түркиядагы жактоочусунун айтымында, Инандынын колун Бишкектен уурдоо учурунда сындырышкан, прокуратура аны 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуш кылган. Анкаранын прокуратурасы Инандыны «куралдуу террордук уюмду башкарууга» айыптап жатканын «Анадолу» агенттиги кабарлаган. Инандынын жоголушу боюнча Кыргызстанда милиция Жазык кодексинин 170-беренеси («Адам уурдоо») менен кылмыш ишин козгогон. Президент Садыр Жапаров Инандыны Кыргызстанга кайтарууну Анкарадан талап кыларын айткан. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ал кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын, ошондуктан Түркиянын укук коргоо органдарынын аны жоопко тартуусу мыйзамдуу экенин билдирген. Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Кыйноолорго каршы комитети Орхан Инандынын уурдалып, кыйноого кабылып, Түркияга жеткирилишине Кыргызстандын күнөөсү бар экенин билдирген.

ӨСПҮРҮМ ӨЗ ЖАНЫН КЫЙДЫ

Бишкек шаарында 16 жаштагы өспүрүм өз жанын кыйды. Маалыматты Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы тастыктады. Маалыматка караганда, 13-июнда «102» кызматына Октябрь районундагы турак үйлөрдүн биринде жашы жете элек бала өз жанын кыйганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция барып, маркум 2007-жылы туулган А.Э. аттуу өспүрүм экенин аныктаган. Анын денесин кароодо жаракаттын издери табылган эмес. Бул факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Баланын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда иликтөө иштери уланууда. Айрым ЖМКлар өздүк булактарына таянып, өз жанын кыйганы айтылган бала 9-июнда Ботаникалык бакта бычакталгандан кийин көз жумган Н.А. аттуу өспүрүмдүн классташы болгонун жазды. Эске салсак, 9-июнда Ботаникалык бакта өспүрүм бычакталып, алган жараатынан улам көз жумган. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 16 жаштагы А.Р. кармалып, ага карата Чүй облусунун Вознесеновка айылындагы жашы жете электрдин түзөтүү мекемесинде 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалды.

Количество просмотров: 99