• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Депутаттар келбей жатып кайра тыныгууга кетишти. Кафеде той-аш өткөргөндөргө жаза күчөтүлөт

3 Аяк оона 2020 19:01 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда 3-сентябрга карата коронавирус жуккан жаңы 99 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Анын ичинен 25 адамда коронавирус аныкталса, 74 бейтап пневмонияга кабылган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.

КАФЕДЕ МААРАКЕ ӨТКӨРГӨНДӨРГӨ ЖАЗА КҮЧӨЙТ

Кафе, ресторандарда куран окутуп, ар кандай мааракелерди өткөргөндөр үчүн жазаны күчөтүү керек. Мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди.

ПРЕЗИДЕНТ ЧҮЙДҮ КЫДЫРДЫ

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон иш сапарларын улантууда. Мамлекет башчысы бүгүн, 3-сентябрда Чүй облусуна иш сапары менен барды. Президент иш сапарынын алкагында Москва жана Жайыл райондорундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, сот органдарын жана медицина мекемелерин санариптештирүүнүн жүрүшүнөн кабар алды.

ДЕПУТАТТАР ТЫНЫГУУ АЛЫШТЫ

Жогорку Кеңештин депутаттары 4-сентябрдан 2-октябрга чейин аймактарда шайлоочулар менен иштей турган болду. Тиешелүү токтом парламенттин бүгүн, 3-сентябрда өткөн сессиясында кабыл алынды. 2-октябрга чейин парламенттин жыйындарын токтото турууну спикер Дастанбек Жумабеков сунуш кылды.

Ушул эле жыйында депутат Жанар Акаев сөз сүйлөп, шайлоо алдында административдик ресурс колдонулуп жатат деген пикирин билдирди. Депутаттын айтымында, буга чейинки президенттердин тушунда административдик ресурс  колдонулуп келсе, эми андай көрүнүш парламенттик шайлоо алдында да байкалып жатат.

МАДУМАРОВ ШАЙЛОО ШТАБЫН ЖЕТЕКТЕЙТ

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү брифингде Мадумаров өзү кабарлады.

ШАЙНАЗАРОВ БШК МҮЧӨСҮ БОЛДУ

ЖКнын жыйынында депутат Тынчтыкбек Шайназаров Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө шайланды. Белгилей кетек, БШК мүчөсү Назарали Арипов буга чейин өз ыктыяры менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Количество просмотров: 208