• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Депутаттар «Кумтөрдү» кайрадан иликтемей болду. Кримтөбөлдүн байлыктары ачыкка чыкты

17 Бирдин айы 2021 17:41 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 17-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19дан Бишкекте эки адам каза болду. Республика боюнча вирус 55 кишиге жаңы жукканы маалым болду. Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча таажы илдетинен жалпы 1446 каза болду. Ал эми инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 85 619 адамга жетти. Андан айыгып чыккандар 82 452.

КУМТӨР БОЮНЧА КОМИССИЯ ТҮЗҮЛДҮ

Кумтөр боюнча депутаттык комиссия түзүлмөй болду. Бул маселени «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты Жыргалбек Турусбеков сунуштады. Бирок айрым депутаттар Кумтөргө байланыштуу комиссиялар натыйжалуу иштебей келгенин эскертишип, анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу сын-пикирлерди айтышты. Натыйжада сунушту 83 депутат колдоп, комиссиянын мүчөлүгүнө “КСДП” фракциясынан Өмүрбек Бакиров, Рыскелди Момбеков, Айнуру Алтыбаева, Саматбек Ибраев, “Республика-Ата-Журттан” Умбеталы Токторалиев, Абдыбек Дүйшалиев, Закир Шарапов, “Кыргызстандан” Замирбек Эсенаманов, Урмат Самаев, “Өнүгүү-Прогресстен” Осмон Турдумамбетов, “Бир Болдон” Акылбек Жапаров, “Ата Мекенден” Каныбек Иманалиев кирди.

ЖЕНГОНУН МҮЛКТӨРҮ ЖАРЫЯЛАНДЫ

«Женго» каймана аттуу кримавторитет Кадыр Досоновго кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу факты боюнча кылмыш иши козголду. УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, «Кылмыш жолу менен алынган акчаны легалдаштыруу механизмдерин аныктоо жана ага бөгөт коюуга багытталган УКМКнын иш-чараларынын алкагында «Женго» каймана аты менен белгилүү болгон криминалдык авторитет Досоновго карата Жазык кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүгү менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

ТЕРГӨӨЧҮ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ

Финполдун маалымат кызматы билдиргендей, аталган органга жаран кайрылып, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү ишти оң жагына бүтүрүп берүү үчүн акча талап кылып жатканын айтып, арыз калтырган. Буга байланыштуу финполчулар Бишкек ШИИБдин тышкы чалгындоо кызматы менен биргеликте акча алып жаткан жеринен Ленин РИИБдин тергөө кызматынын К.Н. аттуу өкүлүн колго түшүргөн. Видеодон тергөөчүнүн 1000 сомдук акчаны санап жатканын көрүүгө болот. Бирок колго түшөрдө акчаны жерге ыргытып жиберген. Биринчи май райондук соту кармалган адамдын баш коргоо чарасын тандап, №1 тергөө абагына эки айга камады. Учурда тергөө иштери уланып жатканы айтылды.

«АК-КУЛАНЫ» КӨЧҮРҮҮГӨ КАРШЫ АКЦИЯ

Бүгүн, 17-февралда “Ак-Кула” ат майданын шаардын четине көчүрүүгө каршы нааразычылык акциясыНА 100гө чукул жаран катышты. Акцияга чыккандар “Урматтуу Садыр Нургожоевич Ак-Куланы сактап калыңыз!”, ” Мэрия Ак-Куладан колуңду тарт!” деген жазууларды кармап турушту.

ТЕАТР ХАНЫШАСЫ ЖЕРГЕ БЕРИЛДИ

Бүгүн кыргыздын көрүнүктүү актрисасы Жамал Сейдакматованын сөөгү жерге берилди. Улуу талант менен коштошуу зыйнаты Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында өттү. Акыркы сапарга узатууга Сейдакматованын замандаштары, президенттик жана өкмөттүк аппараттын кызматкерлери, бир катар мамлекеттик жогорку кызмат адамдары, маданият ишмерлери , анын жакындары катышты. Кыргыз Республикасынын Эл артисти Чоро Думанаев Сейдакматова бүт өмүрүн чыгармачылыкка арнаган чыгаан артист экенин белгиледи.

Количество просмотров: 273