• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Депутаттар референдум долбоорун шашылыш карап жатат. Президенттикке талапкерлердин айрымдары кол топтой алган жок

3 Бештин айы 2020 19:32 Бишкек Govori.TV

РЕФЕРЕНДУМ ДОЛБООРУ ПАРЛАМЕНТКЕ ЧЫГАРЫЛДЫ

Башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору парламентте каралды. Аталган мыйзам долбооруна демилгечи Акылбек Жапаров баяндама жасап, референдумду президенттик шайлоо менен кошо өткөрүү сунушталып жатканын айтты.

ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО

Президенттикке талапкерлер Турсунбай Бакир уулу, Арсланбек Малиев жана Акжолтой Тукунов Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырган документтерин кайтарып алды. БШКдан билдиришкендей, алар бүгүн, 3-декабрда  президенттик шайлоого катышуу үчүн берген документтерин кайтарып берүүнү суранып арыз менен кайрылган.

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 3-декабрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус дагы төрт кишинин өмүрүн алды. Бишкек шаарында үч, Ош облусунда бир өлүм катталды. Бир күндө вирус дагы 420 кишиден жаңы аныкталды.

БОРОНОВ COVID ЖУКТУРДУ

Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов COVID-19 илдетин жуктуруп, ооруканада. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар анын жардамчысы Руслан Турдумамбетовго таянып жазды. Маалым болгондой,Бороновдун абалы канааттандырарлык. Ал Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында дарыланууда.

ПАРА БЕРГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы кызмат адамына пара сунуштаган жаранды кармады. Финполдун басма сөз кызматы билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында Ысык-Көл облусу боюнча финансы полициясынын кызматкерлери 250 миң сом өлчөмүндө пара берип жатканда, кылмыш үстүнөн “Т.А” аттуу жаранды кармашты.

НИЯЗОВ МЕНЕН САГЫНБАЕВДИН ЖАКЫНДАРЫ КАЙРЫЛУУ ЖАСАДЫ

Бүгүн, 3-декабрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Фарид Ниязов, Канат Сагымбаевдин жактоочусу менен жакындары маалымат жыйын өткөрдү. Жактоочу Замир Жоошевдин айтымында, алар 9-октябрдагы Бишкектеги массалык башаламандыкка байланыштуу дагы айыпталып жатат.

Количество просмотров: 139