• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Элди карантинге отургузуп, өздөрү беткап кийбеген өкмөт. 15 жылга кесилээрин уккан Жолдубаева үн катты

18 Кулжа 2020 17:00 Бишкек Govori.TV

ЭПИДЕМИЯЛОГИЯЛЫК АБАЛ
18-июнга карата коронавирус дагы 95 адамдан табылды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкекте. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

ЭЛДИ КАРАНТИНГЕ ОТУРГУЗУП, ӨЗДӨРҮ БЕТКАП ТАГЫНБАГАН ӨКМӨТ

17-июнда Өкмөт үйүндө премьер-министрдин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү расмий иш-чарасы өттү. Кубатбек Боронов мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевден кызматты өткөрүп алды. Залда Абылгазиевди узатуу иш-чарасына чогулгандар беткап тагынбагандарын коомчулук сынга алууда. Беткап тагынбагандардын арасында Абылгазиев менен Боронов дагы бар. Ал эми учурда жүрүп жаткан пандемияга каршы 1.5 метр социалдык аралыкты сактоо менен бирге беткап тагынуу керек экенин өкмөт өздөрү айтып келет. Ал эми 100дөн ашуун адамдын бири-бирине жанаша жана беткапсыз турган сүрөт коомдо ар кыл пикирлерди айттырды.

ПАРЛАМЕНТТИК ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ШАЙЛОО БИР ӨТӨБҮ?
Жогорку Кеңештеги «Республика – Ата Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоону парламенттик шайлоо менен чогуу өткөрүүнү Жогорку Кеңештин 18-июндагы жыйынында cунуштады.
Турускулов пандемия шартында эки шайлоону бир күндө өткөрсө бюджеттен кеткен чыгым да азыраак болмок деп эсептейт.

“Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору талкууда

“Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, көпчүлүк депутаттар колдоп беришти. Бирок ошол эле учурда Дастан Бекешев, Эльвира Сурабалдиева баштаган саналуу депутаттар каршы добуш беришти. Деги эле аталган мыйзам долбоору өзү мыйзамдуубу? кененирээк кабарчыбыздын материалында.

БАТУКАЕВДИН ИШИ
Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишине биринчи жолу өз оюн билдирди. Белгилей кетсек, иш Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралууда. Учурда жарыш сөз болуп жатат. Мамлекеттик айыптоо Индира Жолдубаеваны 15 жылга эркинен ажыратууну талап кылууда.

БАРЫМТАГА АЛЫНЫП, БЫЧАК ЖЕГЕН АЯЛ КОМАДА
Бишкектин Чүй жана Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндө белгисиз бирөө сатуучу аялды бычак менен коркутуп, барымтага алган жаран кармалды.
Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, 17-июнда кечки саат 8дер чамасында милицияга билдирүү түшүп, белгисиз бирөө аялды барымтага алганы айтылган.

Количество просмотров: 407