КОРОНАВИРУС: ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ
Өлкө боюнча 13-апрелге карата 42 коронавирус инфекциясын жуктурган жаӊы учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Жаңы катталгандардын арасынан 16 медицина кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталды.
ӨЗГӨЧӨ АБАЛДЫ УЗАРТУУ СУНУШТАЛДЫ
Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-апрелде, биринчи вице-премьер-министр— Республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Кубатбек Бороновду кабыл алды. Жолугушууда азыркы кырдаал, коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына мындан ары жайылышына жол бербөө жана анын кесепеттерин жокко чыгаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды. Кубатбек Боронов көрүлүп жаткан ыкчам чаралар жана кыска мөөнөттүү иш-аракеттер планы жөнүндө толук маалымат берди. Ошондой эле Боронов президентке айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин узартуу мүмкүнчүлүгүн кароо жөнүндө сунуш берилгенин өкмөт үйүндөгү жыйында билдирди.
НОВОСИБИРСКИДЕН КЫРГЫЗДАРДЫН КЕЛИШИ ЖЫЛДЫРЫЛДЫ
Новосибирскиден Бишкекке учак күткөн кыргызстандыктардын келиши белгисиз мөөнөткө калды. Буга байланыштуу Кыргызстандын Новосибирстеги Башкы консулдугу билдирүү жасады.
ДАРЫГЕРЛЕРДИН ЭМГЕГИ БААЛАНБАЙ ЖАТАБЫ?
Депутат Дастан Бекешов дарыгерлерди коргоо жөнүндө токтом долбоорун сунуш кылды. Токтомдун долбоору «Медицина кызматкерлерине басым жөнүндө» деп аталат. Анын демилгечиси Бекешовдун билдиргени боюнча, бул токтом коронавируска каршы күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерин колдоо үчүн зарыл. Эске салсак коомчулуктагы айтылып жаткан пикирлер дарыгерлердин кайрылуусунан соң жаралган. Дарыгерлер алардын аброюна шек келген сөздөр айтылып жатканына нааразы болушкан.
БИШКЕКТЕ ТЕРМИНАЛ УУРДАГАНДАР КАРМАЛДЫ
Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери бир нече күн мурун коменданттык саат убагында акча салынган терминалды уурдап кеткен үч шектүүнү кармады.Учурда алар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдагандай, кармалган топтун башка иштерге тиешеси бар-жогун аныктоо иштери жүрүп жатат.