• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Карантинге байланыштуу кылмыштын түрлөрү өзгөрдү. Жээнбеков БУУга кайрылды

2 Чын куран 2020 22:52 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА ӨЛКӨДӨГҮ АБАЛ

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 2 адам COVID-19 коронавирусунан айыкты. Маалым болгондой айыккан аял жана эркек ооруканадан чыгарылды. Ал эми 5 адам коронавирус илдетин жуктурганы аныкталды.

ЖЭЭНБЕКОВ БУУ КАТЧЫСЫНА КАЙРЫЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-апрелде, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерришке кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

ӨЗБЕКСТАН ГУМЖАРДАМ ЖИБЕРДИ

Бүгүн 2-апрелде, Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдайт.

КОМЕНДАНТТЫК СААТ: ТАРТИП БУЗГАНДАР

Бишкекте уруксат кагазын берүү үчүн пара алып жаткан жеринен Октябрь районунун милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.

ӨЛКӨДӨ ДОЛЛАР КАЙРАДАН КЫМБАТТАДЫ

Кыргызстанда доллар кайрадан кымбаттады. Акыркы сутка ичинде америкалык валюта 1 сом сомго кымбаттап, 83 сомго жетти. Улуттук банктын эсептик наркы бир доллар үчүн 82,2 сом деңгээлинде белгиленген. Өлкөнүн коммерциялык банктарында 1 доллар 84 сомго сатылып жатса, ал эми сатып алуу 83 сомду түзүүдө.

Количество просмотров: 552