Араван районунун Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги участокко байланыштуу кыргыз жарандары жана Өзбекстандын аскерлеринин ортосунда чыккан тиреш тууралуу эл өкүлдөрү үн катып, бул багытта өкмөт чечкиндүү иш алып бара албай жатканын белгилешти.
Ал арада ЖК жалпы жыйынында Билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлиги каралып, жактырылды. Айрымдар өкмөт башчы дайындагандай эле болдук деген пикирлерин кыстара кетишти. Ошентип каталардан ьашы чыкпайт деп коомчулуктун сынына түшкөн министрликке жаңы башчы дайындалып, тийиштүү буйрукка Президент Сооронбай Жээнбеков кол колду.
Кененирээк «Күндүн ыргагында»…