• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Күндүн ыргагы: Кемпир-Абад боюнча камалгандардын абалы начарлады. Атасы өз кызын зордуктоого шектелүүдө

28 Жалган куран 2023 18:22 Бишкек Govori.TV

КЕМПИР-АБАД ИШИ: АБАКТАГЫЛАРДЫН АБАЛЫ НАЧАРЛАДЫ

Кемпир-Абад иши» боюнча абакта жаткан Клара Сооронкулованын ден соолугу начарлаганын жактоочу Чынара Жакупбекова билдирди. Сооронкуловага 21-февралда операция жасалып, кийин кайра абакка которулган. Жапырт кармалгандардын арасында «Бириккен демократиялык кыймылдын» мүчөсү Улукбек Маматаев 15-мартта операция болгон. Бүгүнкү күндө Чыңгыз Капаров, Илгиз Шаменов, Таалайбек Мадеминов, Асия Сасыкбаева да дарыланууга муктаж экени кабарланды. Ал эми  Мамбетжунус Абыловдун жубайы Дамира айым жолдошунун  ден соолугу толук калыбына келе электе эле абакка которулганын белгилеп, өлкө башчы Садыр Жапаровго кайрылды.

 “АЛЬФА ТЕЛЕКОМДУН” МУРУНКУ ЖЕТЕКЧИСИ КАРМАЛДЫ

Ашыкча баа менен жабдууларды сатып алуу боюнча «Альфа Телеком» ЖАКнун мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК кылмыш иликтөө иштеринин алкагында «Альфа Телеком» ЖАКнун жабдыктарды жогорулатылган баада сатылып алынган фактысын аныктады.

«Альфа Телеком» ЖАКнун IT-технология боюнча департаментинин мурдагы жетекчиси, тендердин катышуучулары менен жеке келишим түзүп, жогорулатылган баада IT жабдууларын сатып алышкан. Кылмыш ишин тергөө учурунда тиешелүү экспертизалар дайындалып, алдын ала келтирилген зыян салыктарды эсепке албаганда 20 миллион сомго жакын өлчөмүндө зыян келтирилген.

Алынган далилдердин негизинде шектүү кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

АТАСЫ ӨЗ КЫЗЫН ЗОРДУКТООГО ШЕКТЕЛҮҮДӨ

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда атасы өзүнүн 19 жаштагы кызын зордуктоого шектелип кармалды. Маалыматты Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Билдирүүдө айтылгандай, райондук милицияга 2004-жылы туулган кыз арыз менен кайрылып, 2022-жылдын сентябрь айынын аягында үйүндө атасы 1980-жылы туулган Н.К. зордуктап койгондугун билдирген.

Бул факты Сузак РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине «зордуктоо» беренеси менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Кылмышка шектүү катары Сузак районунун тургуну 1980-жылы туулган Н.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

ЖАПАРОВ ЫШ МАСЕЛЕСИН ЧЕЧҮҮНҮН ЖОЛДОРУН АЙТТЫ

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын мэриясында шаардагы жол кыймылынын көбөйүшү, ыш маселесин чечүү жана таштандыларды өз убагында чыгаруу сыяктуу негизги көйгөйлөрдү чечүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Акылбек Жапаров жогорудагы көйгөйлөрдүн ичинен өзгөчө ыш маселесине тийиштүү көңүл бурулбай жатканын белгиледи.

“Кышында бул биринчи маселеге айланат, жаз келээри менен унутуп калабыз”, — деген Жапаров, бул боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри башында турган жумушчу топ түзүүнү тапшырды.

Анын айтымында, бул маселени үч багытта чечүү керек: -Бишкек шаардык ЖЭБин сапаттуу көмүр менен камсыз кылуу, ошондой эле анын бардык фильтрлерине техникалык аудит жүргүзүү; — калктуу конуштарды газдаштыруунун финансылык моделин иштеп чыгуу жана 14 күндүн ичинде берүү; — борборго кирүүчү жеңил унаалардын, анын ичинде оор жүк ташуучу унаалардын саны менен бирге автотранспорттук агымдарга көңүл буруу.

Белгилей кетсек, Бишкек жана Ош шаарларында акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды. Айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталганда баш калааны ыш, кара түтүн каптайт. Адистер абанын булганышы бир гана өпкө ооруларына алып келбестен, ички органдарды жабыркатып, жүрөктү алсыратып, көк боор, ашказан, өт сыяктуу органдардын ишин бузарын айтып келишет. Ал эми Бишкек жетекчилиги калааны каптаган кара түтүндүн 70-75 пайызы жагылган көмүрдөн чыгып жатканын айтып, жарандардан таштанды жакпоону өтүнүп келет.

КАЗИНОНУН САЛЫГЫН АЗАЙТУУГА КИМ КЫЗЫКТАР

Экономика жана коммерция министрлиги кумарканалар үчүн салыктын көлөмүн азайтуу боюнча токтомдун долбоорун 24-мартта коомдук талкууга койду. Ага ылайык, бааларга төмөнкүдөй өзгөртүү сунушталды.

Количество просмотров: 448