• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Кримавторитет киши колдуу болуп каза тапты. Коронавирус катталган жок

29 Жалган куран 2020 11:53 Бишкек Govori.TV

НАРЫНДА КРИМТӨБӨЛ БЫЧАКТАЛДЫ

«Лимонти» каймана аты менен таанылган Алмаз Сулайманов каза болду. Маалыматка ылайык, бүгүн 28-мартта күндүз Нарын шаарындагы Ленин көчөсүндө Сулайманов бара жаткан унааны башка автоунаа сүзгөн. Ал унаасынан чыкканда белгисиз адам ага бир нече жолу бычак сайган. Сулайманов ошол жерде көз жумду.

КОРОНАВИРУС: ЖАҢЫ УЧУР КАТТАЛГАН ЖОК

Өкмөт үйүндөгү бүгүн, 28-марттагы түшкү онлайн маалымат жыйында Кыргызстанда коронавирус боюнча жаңы бейтап катталбаганы маалым болду. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги штабдын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди. Кошумчалай кетсек, буга чейин Кыргызстанда COVID-19 вирусу жуккан 58 адам аныкталган. Алар Бишкек шаарынын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын ооруканаларында дарыланууда. Алардын экөө жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы өтө оор эмес.

ӨЗГӨЧӨ АБАЛ: 157 АДАМ КАРМАЛДЫ

28-мартка караган түнү коронавируска байланыштуу өзгөчө абал жарыяланган Бишкек шаарында коменданттык сааттын эрежелерин бузган 157 адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев маалымдады.

КАРАНТИН УЧУРУНДАГЫ ЭЛДИН КӨЙГӨЙҮ

Өлкөдө коронавируска байланыштуу өзгөчө абалдын киргизилгенине төрт күн болду. Govori.TV мультимедиалык агенттиги карантинде эл эмне менен алек? Шаардын четиндеги жаңы конуштагылар өзгөчө абалда кандай күн өткөрүп жатканын чагылдырдык.



Количество просмотров: 122