• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Кыргызстан Россиядан электр энергиясын алууда. Митингге чыккан окуучулардын мугалимдери иштен кетти

18 Чын куран 2023 19:14 Бишкек Govori.TV

ОКУУЧУЛАРДЫН МИТИНГГЕ ЧЫГУУСУ ТАЛКУУДА

Бүгүн, 18-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча жыйын өткөрдү. Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана президенттик администрациянын кызматкерлери катышкан.

Жапаров коомдо нааразылык жараткан борбор калаадагы №1 интернат-гимназияда болуп өткөн окуяларды катуу сынга алып, мектеп окуучуларын чыр-чатактарга тартууга жана колдонууга жол берилбестигин белгиледи.

Жогорудагы маселе боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов комментарий берип, окуучулардын митингге чыкканын туура эмес деп баалады.

Байсалов өз сөзүндө бул башаламандыкты уюштургандарга карата баа берүү үчүн тийиштүү органдарга тапшырма берилгенин айтты.

Эске салсак, кечээ, 17-апрелде Бишкектеги мектепте чуу чыгып, ага мектеп мугалимдеринен сырткары окуучулар да катышып, колдоруна плакат кармап митингге чыгышкан.

Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгы маалымдагандай, даттануулардан улам №1 мектеп-интернатынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча комиссия түзүлүп, жыйынтыгында бир нече эреже бузуулар аныкталган. Мунун айынан директору Нургүл Матканова иштен алынган. Жамаат жаңы дайындалган директордун иштешине каршылыгын билдирип, жаңы жетекчилик тарабынан кысым болуп жатканын айтышкан.

ОРУСИЯ КЫРГЫЗСТАНГА ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ЭКСПОРТТООДО

Орусиянын “Интер РАО” компаниясы Казакстан аркылуу Кыргызстанга электр энергиясын экспорттой баштады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар аталган компанияга таянуу менен кабарлашты.

“Орусиянын энергосистемасы өлкө тарыхында биринчи жолу Казакстандын энергосистемасы аркылуу Кыргызстанга электр энергиясын жеткирип жатат. 2023-жылдын апрелинен 2024-жылдын мартына чейин жалпы көлөмү 900 миллион кВт. саат электр энергиясы экспорттолот”, – деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Мурдараак Кыргызстандын Энергетика министрлиги 2023-2024-жылдагы жылуулук сезонунда Орусиядан электр энергиясын импорттоо боюнча макулдашууга кол коюлганын жарыялаган. Анда Бишкек Москвадан 875 млн. кВт. саат электр энергиясын сатып алары кабарланган болчу.

Кыргызстан энергетикадагы бардык кубаттуулуктарын бириктиргенде азыркы учурда 15 млрд. кВт/саат электр энергиясын өндүрөт. Ошол эле маалда керектөө 18 млрд. кВт болууда, кубаттуулук жетиштүү болсо андан дагы ашышы мүмкүн.

Өндүрүлгөн энергиянын 60% калкка, 40% өндүрүштүк жана коммерциялык ишканаларга сатылат.

Кыргызстан электр энергиясынын тартыштыгынан Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан маал-маалы менен менен электр энергиясын импорттоп турат.

ЭЛТР МЕНЕН ПОЛИТКЛИНИКАНЫН СОТУ БАШТАЛДЫ

Бүгүн, 18-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ЭлТРдин “ПолитКлиникага” каршы доо арызы сотто каралып, кийинки отурум 17-май саат 16:00гө белгиленди.

«ПолитКлиника» басылмасынын жетекчиси Дилбар Алимова мамлекеттик каналдын көз карандысыз медиа менен соттошуп жатканын абсурддук көрүнүш деп атады.

Ал эми ЭлТРдин өкүлү Азизбек Ибрагимов «ПолитКлиника» өз материалы менен «компаниянын жана анын кызматкерлеринин аброюна шек келтирген» деп эсептейт.

Эске салсак, 4-февралда «ПолитКлиника» ЭлТРдин «Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес» дегени калп» деген тема менен ачык булактарга таянган материал жарыялаган. Анда басылма ЭлТРдин 31-январда чыккан «Кайсы президент энергетикага көп карыз алган?» аттуу сюжетин анализдеп, андагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген.

Ал эми ЭлТР «ПолитКлиникадан» видеоматериалды өчүүрүп, төгүндөөгө чыгарууну талап кылууда.

Мамлекеттик ЭлТР телеканалы «ПолитКлиниканы» сотко берип, моралдык зыян катары «ПолитКлиникадан» жалпы 10 млн сом, редакциянын өзүнөн 7 млн сом жана видеоматериалдын алып баруучусу, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 млн сом өндүрүп берүүнү суранып жатат.

ТОКМОК МЭРИ КОРРУПЦИЯГА АЙЫПТАЛУУДА

Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаев «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасындагы коррупцияга байланыштуу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.
«Муниципалдык ишканада туруктуу коррупциялык схеманы уюштуруу тууралуу маалыматтар келип түшкөн. Анда бир катар үйлөр аталган ишкананын борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулганы аныкталган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, 2020-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 1-мартына чейин күйүүчү майды негизсиз эсептен чыгаруудан жана «Токмок жылуулук» ишканасы жылуулук энергиясы менен камсыздоого алынган каражаттарды мыйзамсыз пайдалануудан келтирилген зыян 130 миллион сомдон ашкан»,-деп жазылган маалыматта.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Урматбек Самаев Токмок шаарынын мэри болуп 2021-жылы августта шайланган.

НООКАТТА ТЕРГӨӨЧҮ КАРМАЛДЫ

Ноокат РИИБдин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурауу УКМК тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында КР ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ноокат РИИБдин тергөөчүсү А.у.Т. 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Кармалган кызматкер кылмыш жазасы менен коркутуп, тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарын токтотуп берүү үчүн арыз ээсинен 100 000 сом талап кылгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгү («Опузалап пара алуу») менен кылмыш иши козголду.

Кармалган кызматкер козголгон иштин алкагында соттун чечими менен үстүбүздөгү жылдын 12-июнуна чейин камакка алынып, Ош шаарынын №5-тергөө абагына киргизилди.

Азыркы учурда бул факты боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

БОМБА КОЮЛГАНЫ БОЮНЧА КАБАР ТҮШКӨН

Бишкек шаарында 18-апрелде айрым окуу жайлардын жана мектептердин имаратына бомба коюлганы тууралуу кабар түшкөнүн шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат түшкөндөн кийин бардык имараттардагы адамдар эвакуацияланып, сапёрлор иштеп жатат. Ал жерлерди күч органдарынын кызматкерлери курчоого алганы да белгилүү болду.

Милиция билдиргендей, кабар № 67, 90, 63, 51 жана бир катар мектептер боюнча түшкөн.

Ошондой эле Борбор Азиядагы Америка университетинин лицейинде, Кыргыз-орус Славян университетинин юридикалык факультетинин жана Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин имараттарында жана Жогорку соттун имаратына жардыруучу зат бар деген маалыматтан уцлам эвакуациялоо иштери жүргөнү айтылды.

Эске салсак, 20-январда да Бишкектеги бир нече мектептин имаратына бомба коюлганы тууралуу кабар түшүп, окуучулар эвакуацияланган. Текшерүү учурунда бомба коюлбаганы маалым болгон.

Количество просмотров: 117