• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Кыргызстандын экономикасы солгундады. Коронавирустун жаңы штаммы үрөй учурууда

14 Үчтүн айы 2021 18:43 Бишкек Govori.TV


ВИРУСТУН ШТАММЫ ҮРӨЙ УЧУРДУ

Коронавирустун жаӊы түрү Кыргызстанга да келет. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, коронавирустун бул түрү жаштар арасында көп катталып, оор өтө


КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

14-январга карата Кыргызстанда дагы 136 кишиден коронавирус табылып, Бишкекте үч бейтап көз жумду. Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 82 723 адамга жетти. Жалпы ооругандардын 78 563ү сакайды. Соңку бир күндө 205 адам айыкты. Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1378 адамга жетти


КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭКОНОМИКАСЫ ТӨМӨНДӨДҮ

2020-жылдын январь-декабрь айларында Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 598 миллиард сомду түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 8,6% артка кетти. Бул тууралуу 14-январда Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов мекеменин баштапкы эсептерине таянуу менен кабарлады.

АТАМБАЕВДИН СОТУ КАЙРА ЖЫЛДЫ

Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын кароону кийинкиге жылдырды. Мурдагы президенттин адвокаттары аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Судья кылмыш ишке тиешеси бар башка адамдар сот залына келбегенине байланыштуу баш коргоо чарасын кароодон баш тарткан. Сот отуруму 28-январь саат 14:00гө жылдырылды.

БЮДЖЕТКЕ КЕЛТИРИЛГЕН ЗЫЯН АНЫКТАЛДЫ

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги республикалык бюджетке 7 миллион 290 миң 366 сом зыян келтиргени аныкталды. Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлагандай, аталган агентиктин 2018-жылдан 2020-жылга чейинки аралыктагы ишмердигине аудит жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында агенттиктин жооптуу кызмат адамдары айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарын бузганы, дары өсүмдүктөрдү жыйноого жеке жана юридикалык тараптарга уруксат берүүдө акыларды мыйзамга ылайык өндүрбөгөнү жана башка кемчиликтер аныкталган.

МАМЛЕКЕТТИК ГЕРБГЕ 27 ЖЫЛ ТОЛДУ

Кыргызстандын мамлекеттик герби 1994-жылы, 14-январь күнү Жогорку Кеңештин токтому менен кабыл алынган. Гербдин авторлору — Асеин Абдраев менен Садырбек Дубанаев. Гербдеги канаттары жайылган шумкар мамлекеттин эркиндигинин белгиси катары сыпатталган. Ортосунда Ысык-Көл, Ала-Тоонун аскалуу бийик кырка тоолору тартылган. Кийин гербдин чекесине буудай менен пахтанын сүрөтү кошулган. Үстү жагына «Кыргыз», астына «Республикасы» деп жазылган.

ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ АЛЫНАТ

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтындагы жаңы жылдык балаты алынат. Мэриядан билдиришкендей, алгач «Бишкекжарык» муниципалдык мекемесинин кызматкерлери ишке киришти. Алар балатыдагы оюнчуктарды жана башка жасалгаларды алып жатышат. Андан кийин балатынын конструкциясын «Тазалыктын» кызматкерлери алат.

Количество просмотров: 273