• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Күндүн ыргагы: “Манас» жаңы авиакомпания ачат. Ундун кымбатташы боюнча маселе парламентте көтөрүлдү

19 Аяк оона 2023 18:16 Бишкек Govori.TV

КЫРГЫЗ-ИРАН КЫЗМАТТАШТЫГЫ

Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын алкагында Кыргызстан-Иран жолугушуусу өткөнүн 19-сентябрда президенттин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, президент Садыр Жапаров Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен сүйлөшүү жургүздү.

Эки жетекчи ортодогу кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүгү жогору экенин, товар жүгүртүүнүн азыркы көлөмү төмөн болуп жатканын, өкмөт аралык комиссиянын ишин, инвестициялык алаканы активдештирүү керек экенин белгилешти.

“Жапаров логистика маселесин чечүү зарылдыгын белгилеп, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруунун маанисин белгиледи. Бул долбоор соода-экономикалык жактан жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет. Мындан тышкары президент кыргыз-иран өкмөт аралык биргелешкен комиссиясынын ишмердүүлүгүнүн маанилүү ролун белгилеп, анын кезектеги жыйынын ушул жылдын аягына чейин Бишкекте өткөрүүнү сунуштады”, — деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Кыргызстан менен Ирандын ортосунда дипломатиялык мамиле 1992-жылы негизделген, кийин Бишкекте жана Тегеранда элчиликтер ачылган.

УНДУН КЫМБАТТАШЫНЫН СЕБЕБИ АЙТЫЛДЫ

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитет жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу нандын кымбатташы боюнча маселе көтөрүп, тиешелүү органдарды чара көрүүгө чакырды.

Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин орун басары Айбек Мамыралиев кымбаттоонун башкы себебин түшүндүрдү.

Белгилей кетсек, жаз айында  Улуттук статистика комитети 2017-2022-жылдар аралыгында дан азыктарынын баасы 51,1% кымбаттаганын билдирген.

 “МАНАС” ЖАҢЫ АВИАКОМПАНИЯ АЧАТ

Кыргызстанда “Манас» аэропортуна караштуу «Асман эйрлайнс» авиакомпаниясы ачылат. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Манасбек Самидинов 19-сентябрда маалымат жыйында билдирди. Авиакомпаниянын 100% акциясы аэропортко таандык болот.

Ал жаңы учактар келерки жылдын май айында өлкөгө келерин жана алар ички каттамдарга чыгарын тактады. Алдыда дагы эки учак сатып алынарын, ошону менен төрт учак өлкөнүн ички каттамдарын толук камсыздай аларын билдирди.

Самидинов ошондой эле жаңы учактардын билет баасы арзан болорун айтты. Канча болорун тактаган жок. Бул үчүн «Манас» аэропорту жаңы ачыла турган авиакомпанияга акысыз кызмат көрсөтөт жана мамлекеттик мекемелер менен да сүйлөшүп, төлөмдөрдү арзандатуу боюнча иш алып барат. “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомуна Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. 

ТИК УЧАК КЫРСЫГЫ

Түркияда тик учактын кулашынан каза болгон Кыргызстандын экинчи жаранынын сөөгү табылды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Каза болгондордун сөөктөрүн Кыргызстанга жөнөтүү маселеси боюнча Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги жана Стамбулдагы Башкы консулдугу иш алып барууда.

Белгилей кетсек, Түркиянын Мендерес аймагында (Измирге жакын жергесинде) токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак кырсыкка учурап, Тахтали дамбасына кулап түшкөн.

Кырсык 16-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:53тө катталган. Түркиянын Айыл жана токой чарба министрлигинин маалыматы боюнча, тик учактын ичинде төрт экипаж болгон, алардын үчөө Кыргызстандын жараны.

Буга чейин бир кыргыз жараны ооруканага түшкөндүгү, ал эми экинчи жарандын сөөгү табылгандыгы маалымдалган.

ҮЧ ЭМ ТӨРӨЛДҮ

Бишкек шаардык перинаталдык борборунда үч эм төрөлдү. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, ымыркайлар 36 жумасында кесерово жолу менен жарыкка келди.

Үч эмдин энеси Бишкек шаарынын Октябрь районунун тургуну. Бул 34 жаштагы келиндин бешинчи төрөтү. Учурда ымыркайлардын абалы туруктуу жана алар үйүнө чыгарылды.

Количество просмотров: 108