• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Нарматованын мыйзамынан дагы бир депутат баш тартты. Бажычы пара менен кармалды

26 Кулжа 2023 18:49 Бишкек Govori.TV

КЕМПИР-АБАД ИШИ: СОТТУК ОТУРУМ УЛАНДЫ

Бүгүн, 26-июнда Биринчи май райондук сотундагы Кемпир-Абад иши боюнча алдын ала угуу уланды.

Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы буга чейин ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан жараянга келген ЖМК өкүлдөрү менен айыпталуучулардын жакындары сот залына киргизилген жок.

Ал эми жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров милиция кызматкерлери колундагы плакаттарын алып коюштканын билдирди. Анын айтымында, ал камактагыларга боштондук талап кылып жазуу кармап турган.

Эске салсак, 23-июнда сот укук коргоочу Рита Карасартова менен активист Атай Бейшенбектин бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер өткөн жылдын октябрь айында камалган. Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Дээрлик сегиз ай тергелген Кемпир-Абад иши жакында гана сотко өттү. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 14ү абакта жатат.

 “БЕЙӨКМӨТ” МЫЙЗАМЫНАН ДАГЫ БИР ДЕПУТАТ БАШ ТАРТТЫ

Жогорку Кеңештин депутаты Лейла Лурова “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга авторлош болуудан баш тартты. Маалыматты депутат Лурова өзү тастыктады.

Мыйзамга автор болгон дагы бир депутат Максатбек Сарбагышев да баш тартып жатканы кабарланууда. Азырынча ал комментарий бере элек.

Буга чейин депутаттар Бактыбек Чойбеков, Эмил Токтошев, Эмил Жамгырчиев жана Шайлообек Атазовдор демилгечи топтон чыккан.

Бүгүн, 26-июнда «Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын өкүлдөрү Жогорку Кеңеш имаратынын алдында депутаттарга «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүгө каршы кайрылуу таратышты. Алар “Биз сиздерден Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузбоону, коомдук уюмдарга, бейөкмөт уюмдарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы антиконституциялык мыйзам долбоорлорун чакыртып алууну сурайбыз”, — деп жазылган кайрылууну жумушка кирип бара жаткан депутаттардын колуна беришти.

Белгилей кетс ек, парламенттик комитетте каралганы жаткан “чет өлкөлүк өкүл” жөнүндөгү мыйзам долбоору күн тартибинен алынды. Буга чейин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитет «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун 27-июнда 1-окууда карамай болуп жаткан.

Өлкөдө “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору нааразычылыктар менен коштолууда. Сынга кабылган мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова баштаган 30дай депутат демилгелеп алдыга сүрөп жатат.

Ал эми жарандык коом документ кабыл алынса өкмөттүк эмес уюмдарга көзөмөл күчөп, саясатка тиешеси жок көпчүлүк бейөкмөт уюмдар жабыла турганын белгилеп, аталган мыйзамдын кесепеттерин эскертүү менен бийликке коңгуроо кагышууда.

УЛУТТУК БАНК ОТЧЕТ БЕРДИ

Бүгүн, 26-июндагы Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын отчету угулду. Баяндаманы Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев жасады.

Талкууда депутат Дастан Бекешев 2021-2022-жылдардагы АКШ долларынын жана улуттук валютанын курсу боюнча маселени көтөрдү. «2022-жылы валюта рыногундагы жогорку туруксуздукту эске алсак, Улуттук банк эффективдүү иштеген жок. Ошону менен бирге коммерциялык банктар акча каражаттарын которууда комиссия алып, 17 миллиард сом пайда алышкан», — деди Бекешев. Ал эми депутат Шарапаткан Мажитова коммерциялык банктардагы насыялардын үстөк пайызын төмөндөтүү маселесин көтөрдү.

БАЖЫ КЫЗМАТКЕРИ КАРМАЛДЫ

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери опузалап акча алууга шектелип кармалды.

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Автомобильный” Түндүк-Чыгыш бажысынын бажылык тариздөө жери боюнча улук инспектору, майор Ж.у.М. кармалган.

«Жогорудагы кызматкер “Автомобильный” бажылык тариздөө жеринде мыйзамсыз баюу максатында, аталган бажылык тариздөө жери аркылуу өткөн жеке ишкерлерден акча каражаттарын өндүрүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталды»,-деп жазылат маалыматта.

Кармалган адам УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

АЯНТТА КУРМАН АЙТ НАМАЗЫ ОКУЛАТ

Кыргызстандыктар 28-июнда эс алат. Бул күн Курман айт майрамына карата кызыл менен белгиленген. Бул тууралуу Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Муфтияттан билдиришкендей, 19-июнь Зулхижжа айынын биринчи күнү болгондуктан 27-июнь арапа күнү, 28-июнь Курман айт майрамы.

Курман айт Орозо айттан 70 күн өткөн соң белгиленет. Былтыр Курман айт 9-июлда майрамдалган. Ай календарына ылайык, жыл сайын 10 күн айырма менен белгиленет.

Количество просмотров: 182