• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Окуучулар арасында коронавирус жугузгандар көбөйдү. Айтматовдун чыгармалары алгачкы жолу аудиолоштурулду

8 Бештин айы 2020 17:51 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүн онлайн брифингдин жүрүшүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин коронавирустун экинчи толкунуна карата даярдык планын ишке ашыруу тууралуу маалымат берди. Анын айтуусуна караганда, күз-кыш айларындагы коронавирустун экинчи толкунуна даярдыктарды жакшыртуу үчүн атайын план иштелип чыккан.

МАМЫТОВДУН ОРУСИЯГА БОЛГОН ИШ САПАРЫ

Орусиядагы иш сапарынын алкагында Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушту.

ЭСЕПТӨӨ ПАЛАТАСЫНЫН ӨКҮЛҮ КАРМАЛДЫ

Эсептөө палатасынын Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы өкүлү коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты. Билдирүүдө айтылгандай, ал мамлекеттик бюджеттен уурдалган 13 млн сомго байланыштуу козголгон кылммыш иштин алкагында кармалган.

УУРУЛУГУ ВИДЕОКӨЗӨМӨЛГӨ ТҮШҮП КАЛГАН ЖАРАН

Ысык-Көлдө жылкы уурдоого аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 6-декабрда Түп районунун Ой-Тал айылынын 46 жаштагы тургундун сарайына белгисиз адам кирип, жылкысын жетелеп чыгып уурдап кетүүгө аракет кылган. Аны үй ээлери көрүп калып, аркасынан кубалаганда малды таштап качып кеткен.

ОРУСИЯЛЫК ИНВЕСТОРДУ БОШОТУУНУ ТАЛАП КЫЛГАН АКЦИЯ

Бүгүн, 8-декабрда Жогорку соттун имаратынын алдында Россиялык инвестор Сергей Фищенконун акталышын талап кылган нааразычылык акциясы өттү.  Акцияга чыккандар колдоруна «мыйзамдар качан иштейт?», «соттордун өзүм билемдигине жол жок»  деген плакаттарды кармап, Россиянын жараны Сергей Фищенкону бошотууну талап кылышты.

АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫ АУДИОЛОШТУРУЛДУ

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары толугу менен аудиолоштурулуп, аудио-китеп версиясы даяр болду. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда өткөн маалымат жыйында аудио китептин демилгечиси 5-канал телеканалынын башкы директору Эрнис Кыязов билдирди.

Количество просмотров: 112