• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Ош базарды көчүрүүгө жер табылды. Ашууларга 20 сантиметр кар жаады

22 Аяк оона 2023 18:19 Бишкек Govori.TV

БЫЧАКТАЛГАН КЕЛИН: СОТТУН ЖООПКЕРЧИЛИГИ КАРАЛАТ

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Чүй облусунун Селекция айылында бычакталган аялдын иши боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кеңешменин жүрүшүндө маалым болгондой, Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун 2022-жылдын 19-октябрдагы токтому менен жабырлануучунун тосмо арызынын негизинде шектүүгө карата козголгон кылмыш иш өндүрүштөн кыскартылган.

“Шектүүгө карата дагы бир кылмыш иши Чүй облусунун Сокулук райондук сотуна түшкөн. Айыпталуучу зордуктоо фактысы менен беш жылга эркиндигинен ажыратылган. Ошол эле учурда сот айыпталуучунун улгайган көзү азиз апасы бар экендигин, ал кароого муктаж экендигин, ошондой эле айыпталуучу менен жабырлануучунун ортосунда эки бала бар экендигин эске алып, Кылмыш-Жаза кодексинин 82- беренесинин негизинде пробациялык көзөмөлдү колдонуп, ага карата үч жыл пробациялык мөөнөт белгиленген.

Жабырлануучу бул чечимге макул болбой, апелляциялык даттануу менен Чүй облустук сотуна кайрылган. Соттук иш 27-сентябрына белгиленген. Жыйынтыгы боюнча судьянын аракеттерине өзгөчө катуу баа берилет», — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 20-сентябрда милиция Чүй облусунун Сокулук районундагы Селекция айылында аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаранды кармаган. Шектүү аялынын мурдун, кулактарын кесип салган. Жабырлануучу учурда ооруканада, ага 8 сааттай операция жасалды. Учурда абалы орто оор деп бааланууда.

МЕКТЕПТЕГИ АКЧА ЧОГУЛТУ МЕНЕН КҮРӨШ

Кыргызстандын мектептеринде ата-энелерден мыйзамсыз акча чогултууга айып пул салууну сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорун депутат Миргүл Темирбаева демилгелеген.

 Негиздеме катында “мыйзам долбоору мектепте акысыз билим алуу укугун камсыз кылууга жана мыйзамсыз акча чогултууларды, анын ичинде мектептерде коомдук фонддорду түзүү жолу менен болтурбоого багытталган”, — деп жазылат. Мыйзам долбоорунда мектепте мыйзамсыз акча чогулткандарга 7500 сом, коомдук фонд аркылуу акча чогулткандарга 10 миң сом, юридикалык жак болсо 28 миң сом айып пул салуу каралган.

Май айында президент Садыр Жапаров “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

КАЛААДАГЫ КӨЙГӨЙЛӨР КАНТИП ЧЕЧИЛҮҮДӨ?

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Ош базар, автобекеттерди шаар сыртына чыгаруу үчүн жер маселеси кантип чечилгени тууралуу маалымат берди. Калаа башчысынын айтымында, 160 гектар жер тилкеси Ош базары жана автобекеттер үчүн табылды. Учурда долбоорлору даярдалып жатат.

Мындан сырткары бүгүн журналисттерге уюштурулган пресс-турдун алкагында борбордогу көмүр менен иштеген от казандар газга өткөрүлуп жатканы белгилүү болду.

Белгилей кетсек, акыркы убакта жылытуу маалында Бишкек абасы кир аймактардын катарынан туруктуу орун алып калды. Кыргызстандын борбору дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын алдыңкы бештигине кирген. Буга чейин ПРООН Финляндиянын метеорологиялык институтуна таянып Бишкектеги абанын кирдешине курамында күкүртү көп көмүрдүн колдонулушу себеп экенин кабарлаган.

АШУУЛАРДА КАР ЖААДЫ

 «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасыөлкөнүн ашууларына калыңдыгы 20 см чейин кар түшкөнүн билдирди.

Ишкананын маалыматына ылайык, жумушчулар жолдорду тазалоо иштерин тынымсыз жүргүзүп жатышат, учурда Бишкек — Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда, Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда кар жааган.

Ошондой эле Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда кардын калыңдыгы 20 сантиметр болгон. Бишкек — Ош унаа жолундагы Чычкан капчыгайында жааган кардын калыңдыгы 7-8 смге чейин жетсе, Ысык-Көл районундагы Сөөк ашуусунда калыңдыгы  10 сантиметрге чейин кар түшкөн. Учурда аталган ашуулар ачык, чектөөлөр жок.

ДҮЙНӨ БИРИНЧИЛИГИНДЕГИ ЖЕТИШКЕНДИК

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Дүйнөлүк чемпионатта командалык эсепте 56 өлкөнүн ичинен 8-орунду ээледи.

Ал эми 6 алтын,1 күмүш жана 1 коло медаль жеңип, 195 упай менен жалпы командалык эсепте биринчи сапка Япония курамасы жайгашты. АКШ курамасы 1 алтын, 2 күмүш жана 4 коло байгеге ээ болуп, 135 упай менен экинчи орунду ээледи. Ал эми Монголия курамасы үч күмүш медаль утуп, командалык эсепте 3-орунга жайгашты.

Эскерте кетсек, Дүйнө чемпионаты 16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүүдө. Аталган мелдеште кыргыз балбандары Айсулуу Тыныбекова алтын медалга татыса, Айпери Медет кызы күмүш медаль тагынды.

Количество просмотров: 3196